Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

АКШ генералы Дэвид Петреус Бишкекте


АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус Кыргызстанга таанышуу сапары менен келди. Бүгүн ал Бишкекте расмий жетекчилер менен жолугушуп, стратегиялык өнөктөштүк маселелерин талкуулап жатат.

Дэвид Петреус адегенде Кыргызстандын Коргоо министрлигинде болуп, Баткен согушунун баатырларына арналган эстеликке гүл коюу каадасын өткөрдү. Кечке жуук америкалык генерал Өкмөт үйүндө Кыргызстандын расмий жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.

Дэвид Петреус буга чейин Ирактагы коалициялык күчтөрдү башкарып турган. Ооганстан, Ирак өңдүү өлкөлөрдө жайгашкан АКШнын аймактык аскерий күчтөрүн 2008-жылдын 31-октябрынан бери башкарып жатат. Өткөн аптада ал таанышуу сапары менен Казакстанда, Тажикстанда болду.

Би-Би-Си кызматынын маалыматына караганда Петреус өткөн аптада Казакстанда журналисттин суроосуна жооп берип жатып АКШнын Кыргызстандагы аскерий аба күчтөрүн чыгаруу маселеси көтөрүлбөгөндүгүн билдирген.

Ага чейин Орусиялык бир катар маалымат каражаттары президент Курманбек Бакиев Орусияга иш сапарга (сапар февралга болжолдонууда) чыгаар алдында АКШнын Кыргызстандагы аба-аскерий базасын чыгаруу тууралуу бир тараптуу чечим чыгарууга кам көрүп жаткандыгын маалымдашкан. Кыргызстандын расмий тарабы бул маалыматты төгүндөй элек.

АКШ баштаган антитеррордук коалициянын аба-аскерий күчтөрү Кыргызстанда 2001-жылдын декабрынан бери жайгашып турат.



  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG