Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:47

Жалал-Абадда Ө. Текебаевдин таламын талашып, бийликти айыптаган жыйындар өттү


Базар-Коргон, Ноокен райондорунда, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу, Ташкөмүр шаарларында партиянын жыйындары өтүп, анда Ө.Текебаевдин айланасындагы окуяларга кабатырлануулар болду. Бул тууралуу уюмдун областтык төрагасынын орунбасары Кадырбек Жакыпов билдирди. Анын айтымында, бийлик элден өз кемчилигин жаап-жашырууда. Оппозициядагылардын калк менен жолугушуусун болтурбай коюу – элдин эркин ой айтуу жана тынч жыйынга чогулуу укугун бузуу менен барабар. Башка партияларга, маселен «Ак жол» партиясынын чогулуштарына бийлик толугу менен кам көрүүдө. «Ата мекен» партиясынын өкүлдөрү уюмдун төрагасына жасалган кысым көрсөтүүлөрдү токтотууну талап кылышып, президент менен өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрыла турган болушту. “Ө.Текебаев бийликтин кемчилигин такай сындап, коопсуз жүрүүгө мүмкүн болбогондуктан өзүн коргоого акылуу”, - деди Кадырбек Жакыпов. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG