Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Кыргыз-америка аралык экономикалык алаканы чыңдоо зарыл


Мындай пикирин бүгүн өкмөт башчы Игорь Чудинов АКШнын Борбордук командачылыгынын башчсы Дэвид Петреус менен жолукканда билдирди. И. Чудинов Кыргызстан АКШга бересесин Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүүгө багытталган иш-чараларга катышуу аркылуу кечүү программасын ишке ашырууну кечеңдетип жатканына өкүнүч билдирди. Кыргызстан бул багытта куруучу материалдарды, электр жабдууларын жана башка өнөр жай продукцияларын даярдап бере алаарын кошумчалады. АКШнын генералы Петреус өз кезегенинде анын Кыргызстанга жанан Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге жасаган сапарынын башкы максаты дүйнөлүк терроризм жана маңзаттарга каршы биргелешип күрөшүүнүн жолдорун талкуулоо экенинин билдирди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызмат кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG