Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

Орус-украин газ келишимине бүгүн кол коюлушу мүмкүн


Орусия менен Украинанын өкмөт жетекчилери Владимир Путин менен Юлия Тимошенко Европага кайра газды жөнөтүүгө арналган келишимге кол коюшат деп жатышат. Мунасага жараша, Украина орус газы үчүн келерки жылдан тарта Москвага европалык баа менен төлөй баштайт. Быйылкыга болсо орус газы Киевке 20%га арзан сатыла турган болот. Бул документтеги алдын ала айтылган негизги талаптарды эки тараптын тең газ боюнча ишканалары жактырышкан өңдүү. Тимошенко эми “Газпром” менен “Нафтогаз” келишимдин жоболорун ийне-жибине чейин такташып алгандан кийин, бүгүн эле ага кол коюу үчүн Москвага бара ала турганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG