Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

Америкалык базаны Кыргызстандан чыгаруу тууралуу маалымат негизсиз


Бул тууралуу бүгүн “АКИпресс” агенттигинде берген маалымат жыйынында АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус билдирди. Петреус мындай маалыматты Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнө таянып айтты. Бүгүн АКШ генералы өкмөт башчы Игорь Чудинов, коргоо министри Бакыт Калыев менен жолугушту. Бул тууралуу Петреус “АКИпресс” агенттигинде уюштурулган маалымат жыйынында билдирди. Петреустун айтымында АКШ Кыргызстанга жылына ар кандай багытта 150 млн. доллар жардам берет. Анын 63 миллион доллары АКШнын Кыргызстандагы аба базасы аркылуу келет. Ушул жардамдардын көлөмүн көбөйтүү маселесин жакында тараптар талкуулаганы жатат. Бул максатта февраль айында Кыргызстанга атайын делегация келет. АКШ генералы ошондой эле АКШ базасында атып өлтүрүлгөн кыргызстандык жаран Александр Ивановго байланышкан иш кайра баштан тергелип жаткандыгын, анын жыйынтыгы кабарланарын билдирди. Ушул эле күнү өкмөттүн тараткан маалыматына караганда премьер министр АКШ генералы менен жолугушууда Александр Ивановдун атып өлтүрүлүшүн иликтөөнүн, АКШ жаранынын катышуусунда болгон жол кырсыгында жабыркаган кыргызстандык жаранга колдоо көрсөтүүнүн создугуп жатышына кабатырлануусун билдирди. Петреус Кыргызстанга башкы командачы катары таанышуу сапары менен келген. Буга чейин ал Казактанда, тажикстанда болгон. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG