Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

К.Бакиев: Иштей турган сапаттуу мыйзамдар кабыл алынышы керек


Президент Курманбек Бакиев Кыргыз 19-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев менен вице-спикер Азиз Турсунбаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчы экономикалык мүнөздөгү мыйзам долбоорлорун кыска мөөнөттүн ичинде карап, кабыл алуунун зарылдыгына төраганын көңүлүн бурду. “Биз дүйнөдө болуп жаткан окуялардын өнүгүшүнө жараша ыкчам аракет жасообуз зарыл. Анткени, алар тиешелүү деңгээлде экономикабызга таасирин тийгизбей койбойт. Азыркы тапта дүйнөлүк экономикалык системадагы абал татаал боюнча калууда. Ошондуктан, өкмөт менен парламент тыгыз байланышта болуп, ыктымал болгон кыйынчылыктардан чыгуунун жолдорун биргелешип издеши керек. Иштей турган сапаттуу мыйзамдар гана кабыл алынышы зарыл”,- деп баса белгиледи К.Бакиев. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG