Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

“Бирдиктүү Орусия” партиясынын “Жаш Гвардия” кыймылы өзүнүн ишкердигин жаңы демилге менен толуктоодо. Кыймыл «Биздин акча - биздин жарандарга!» чакырык астында Рязань, Самара, Новосибирск, Челябинск жана Москвада коңшу өлкөлөрдөн келип аткан поездерди тосуп, мигранттарга каршы үгүт жүргүзүү ишин баштады.

Кыймыл бул күндөрү Орусиянын Федералдык миграция кызматынын имаратынын, ири курулуш компаниялардын алдында жана Орусиянын 13 аймактарында «Ар бир экинчиңер - үйүңөргө кеткиле!» деген ураан алдында нааразылык акцияларын өткөрдү.

Кыймылды жетектегендердин бири Андрей Татаринов «Азаттыкка» айткан пикиринде, алардын аракеттери мыйзам чегинде. Ошондуктан мигранттар менен жакалашуу, урушуу болбойт, дейт Татаринов:

- Иш берүүчүлөрдүн биздин жарандарга жарытылуу маяна төлөй алгыдай акчасы бар. Ошондуктан алар чет элдин экономикасын жакшыртып, жат кишилерди баккандан көрө биздин үй-бүлөнү бакканы туура.

Кыймыл «Мыйзамсыз жумушчу – ууру!», «Иштейт экенсиң – салык төлө!» деген ураандарды көтөрүп чыккан. Кыймылдын мүчөлөрү тосо турган кезектеги поезд Бишкек-Москва болору жана алар Казан вокзалына саат 14-30да барышары 19-январда дайын болгондо, элчилик алдындагы мигранттар менен иш жүргүзүүчү Кыргызстан өкмөтүнүн өкүлчүлүгүнө байланышканыбызда, өкүлчүлүктүн катчысы Эмил Алмамбетов буларды айтты:

- Эртең болот. Бүгүн алар Ташкенден келчү поезди тосушат. Бишкектен эртең келет.

“Азаттык”: -Эртең элчиликтен ал жерде кишилер болобу?

Эмил Алмамбетов: -Ооба, биз барабыз.

Байкоочулардын баамында, «Жаш Гвардиянын» мүчөлөрү болобу, же Мыйзамсыз мигранттарга каршы кыймылдын (ДПНИ) өкүлдөрү болобу, көчөдөн кишини токтотуп, документтерин текшерүү - мыйзамсыздык. Ага тыюу салынышы керек.

Ошол эле учурда бийлик партиясы «Бирдиктүү Орусия» жаш жеткинчектери көтөргөн демилгени кубаттай турганы белгилүү болууда.

Мындай кадамдын артында элдер ортосунда кагылыш чыгып кетүү корнунучу бар экенин «Саясий маалымат борбору» уюмдун жетекчиси Алексей Мухин айтат:

- “Жаш Гвардия” кыймылынын мигранттар арасында агартуу ишин жүргүзүүсү экстремисттик маанайда өтүүдө. Орусиялык аймактарда мигранттарды поезден түшкөн жеринен тосуп чыгуу - улуттар ортосундагы тирешүүнү жаратып, анын аягы массалык мушташтардын чыгышына алып келет.

Ал эми улутчул ДПНИ кыймылынын лидери Александр Белов «Коммерсант» басылмасына берген маегинде буларды айткан:

- Демек биздин кыймыл жакында самаганына жетет. Эмне дегенде бул мүдөөнү биз көтөрүп келатабыз. Бийлик ошол мүдөөгө колдоо көрсөткөн. Мындай чечимди “Жаш Гвардия” Кремлден буйрук болбой өз алдынча кабыл алмак эмес.
XS
SM
MD
LG