Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Э.Каниметов: Орусия, Кытай саясатчыларына баш ийүү эгемендикке шек келтирет


Мындай пикирин саясат таануучу Эмил Каниметов “Азаттыкка” Кыргызстандагы АКШ аба-аскерий базасына байланыштырып билдирди. Талдоочунун оюнда, АКШнын Кыргызстандагы базасы жөнүндө кайчы пикирлер өтө көп, бирок кандай айткан учурда да ал - Кыргызстандын көз карандысыздыгын сактоочу шарттардын бири. "Кытайдын же Орусиянын бийлик өкүлдөрүнүн, саясатчылардын Кыргызстандын саясатчыларына базаны алдырып салабыз деген басымына баш ийип берүү Кыргызстандын көз карандысыздыгына шек келтирүү", - дейт Эмил Каниметов.

Бир апта мурда орусиялык айрым маалымат каражаттары Кыргызстандын президенти Орусияга иш сапар алдында АКШнын Кыргызстандагы базасын чыгаруу жөнүндө жардык чыгарарын жазышкан. Эл аралык талдоочулар муну чайкоочулук катары баалашты. Ал эми АКШнын аймактык күчтөр командачылыгынын башчысы Дэвид Петреус кечээ Бишкекте уюштурган маалымат жыйынында жергиликтүү өкмөт мүчөлөрүнүн айткандарына таянып, базаны чыгаруу тууралуу маалыматты төгүндөдү. Кыргыз бийлиги бул багытта коомчулукка расмий билдирүү жасай элек. (BuS)

XS
SM
MD
LG