Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

М. Ниязов: Кара түстөгү президентти шайлоо АКШнын чоң жеңиши болду


Мындай пикирин “Азаттыкка” Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов билдирип, Барак Обаманы шайлоо АКШда чыныгы демократия барын далилдеди деди. Саясатчынын пикиринде Кыргызстан саясий чоң күрөштүн адебин, бийик деңгээлин үйрөнүшү керек. Кыргызстанда тескерисинче бийликке жеткен адам эч качан аны кайтарып бергиси келбей, ага жараша экинчи тарап жулуп алуу менен алектенип келатат. Мындай көрүнүштөр Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрүүгө кудуретсиз болот дейт Ниязов.
Кошумчалап койчу жагы: Бүгүн АКШда жаңы шайланган президентинин расмий ишке киришүү салатанаты болот. (BuS)

XS
SM
MD
LG