Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:36

Бүгүн жарык көргөн “МСН” гезити башкы темасын салыктын жаңы түрлөрүнүн жагдайына арнаса, “Кыргыз туусу” мамлекеттик тил маселесин сөз кылды. “Ачык саясат” гезити макалаларынын басымдуу бөлүгүн “Ата Мекен” партиясынын Таластагы окуяларына арнады.

“Жаңы салыгыңыздар менен, урматтуу жарандар!” “МСН” гезити мына ушундай аталыш менен Салык жыйымдары боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орунбасары Адылбек Касымалиев менен маектешкен. Мүлк салыгы тууралуу сөз кылган салыкчы, эми мындан ары кыймылсыз мүлккө салык салуу алардын кайсыл топко таандык экендигине жараша салынаарын, маселен 1-топко турак үйлөр, квартиралар, дачалар, гараждар жана ишкерлик кылуу үчүн салынып, пайдаланылып келаткан имараттар кирерин, булар үчүн салыктын көлөмү ошол объектинин жалпы баасынын 0, 35 пайызын түзөрүн айтты. Ал эми кыймылсыз мүлктөр кантип аныкталат? Баасы кантип чыгарылат? Салыкчынын айтымында, мүлктү аныктоодо анын дубалдары кандай материалдан салынганы текшерилет. Мисалы үйдүн дубалы бышкан кыштан салынганбы, же шлак блогу мененби, бетонбу, жыгачпы, же чийки кыш менен сокмобу, саман үйбү, салык баасы ушуга жараша эсептелери баяндалган. Гезит бул боюнча чакан таблицаны да сунуш кылган. Ошондой эле кыймылсыз мүлк салыгын уюмдар менен ишкерлер 1-мартка чейин, жеке адамдар 1-майга чейин төлөй баштары көрсөтүлгөн.

“Кыргыз туусу” гезити Буудайбек Сабыр уулунун “Менин фольклорго кызыгып калганыма Исках Раззаков себепчи болду” деген баянынын уландысын, окумуштуу Омор Соорон сопунун “Он беш томдук тарыхты жазуунун критерийи-тактык, идеологиясы-кыргыз элинин биримдиги болуш керек”, Тарых илимдеринин кандидаты Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиевдин “Эл башчыларынын эң жогорку титулдары же кыргыз мамлекети болгонуна он далил” аттуу макалаларын улантып жарыялоодо.

Гезит тил көйгөйүнө арналган макаласында: “Кыргыз өлкөсүндө кыргыздарды кыргызча сүйлөтө албаганыбыз, мамлекеттик мекеме-уюмдарыбыздагы расмий кагаздарды эмдигиче мамлекеттик тилге өткөрө албагандыгыбыз улуттук намыска шек келтирет. Бул биздин чабалдыгыбыз, баягы оомалык көз карандылыктан алигиче кутула электигибиз” деп жазды. Ал эми публицист Т. Сейитбековдун пикиринде, эл аралык терминдерди ашкере кыргызчалата берүүнүн зарылдыгы жок. Андан көрө аларды колдонуу учурунда орусча эмес, англис эквивалентин киргизүүнү колго алуу зарыл. Ошондо келечек муундардын чет тилдерди тезирээк үйрөнүүсүнө көмөктөш болобуз. Ала эми гезит кабарчысы Жээнбай Түрк болсо макаласында Өмүралылар- Умерали, Омурали, Төлөш - Телеш, Мөкөй- Мокой, Үңүр – Унур болуп жазылып келатканына кейиген.

“Ачык саясат” гезитиндеги макалалардын басымдуу бөлүгүн Таластагы акыркы окуялар түзгөн. Алар: “Эсирген бийлик кутурду, эрлерге элин тукурду”, “Жумуртка баскандар Таласта, намысың, калкым каякта?”, “Анарбектин тушунда, азап тарттык кышында”, “Кара-Буура синдрому баш көтөрдүбү?” деп аталат. Баяндамачы Эртабылды Аттокуров минтип жазат: “Түптөн “жумуртка тууган тоок аялдар” пайда болду. Көлдүн губернатору Кыдыкбек Исаевдин бул тажрыйбасы Кыргызстанга “кеңири жайылтылып”, Талас өрөөнүнө “инкубаторду” Сарпек Эшалиев барып орнотту. Ошентип “жумуртка тууган тоок аялдар” Кара-Буура районунда да пайда болду. Алар эл менен жолугушууга барган “атамекенчилерди” “жумурткасы” менен “кастарлап” тосуп алышты. Кыргызстандын, кыргыз элинин түбүнө маңкуртка айланган азыркы “Кыргылчалдар жетет”.

Гезит ушул эле санына “Ата Мекен партиясынын ачык конференциясында сүйлөгөн таластыктардын сөздөрүнө орун берип, Бириккен элдик кыймылынын билдирүүсүн да жар салды. Мындан тышкары ЖК депутаты Бакыт Бешимовдун сессияда уруксат берилбегендиктен сүйлөнбөй калган сөзүн орус тилинде тартуулады. Депутат үч айдан ашса да али дайыны табылбай жаткан Руслан Шаботоев менен депутат Ж. Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиржанов жана башкалар тууралуу кеп кылат. Президент К. Бакиев жоголгондорду жеке өз көзөмөлүнө алгандыгы тууралуу айткан. Күч органдарынын жектекчилиги болсо аларды Орусия менен Казакстандан издеп жатабыз деген. Бирок алигиче эч кандай майнап жок. Буга дейре куч органдары шек санап келген Казакстандын жараны Серик Сансызбаев жалган жалаа жапкандыгы үчүн ИИМди сотко берем деп чыгууда.

Б. Бешимовдун оюнча, өлкөнүн баш мыйзамынын жана адамдардын укугу менен коопсуздугунун кепили болгон президент К. Бакиев унчукпайт. Ошол эле убакта 2005-жылдын 25-мартында Акүйдүн коменданты болгон Руслан Шаботоев жоголуп жатат. 2005-жылдын 25-мартында президент болгон Ишенбай Кадырбеков түрмөдө жатат. 2005-жылдын март окуясынан кийин Жалал-Абад облусуна элдик губернатор болуп шайланган Ж. Жээнбеековдун баласы куралдуу адамдар тарабынан уурдалып кеткен бойдон жоголуп жатат. Белгилүү революционер жана мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковго бир эле эмес үч кылмыш иши козголууда, ал эми Кыргызстанды энергетикалык кризиске алып келгендер тайраңдап бийликте олтурат. Бул өтө опурталдуу саясат. Эгер ырасмий бийлик буга жакын арада ачык-айкын жооп бербесе, элдин бийликке болгон шек саноосун ого бетер күчөтөт. Камалгандар менен куугунтук жегендердин, дайынсыз жоголгондор менен азап тарткандардын чыдамынын да түгөнө турган кези болот деп айтылат анда.

Гезит ушуга улай эле Казакстандын жараны Серик Сансызбаевдин: “Кыргызстандын Ички иштер министрлиги ачылбай калган кылмыштарды өлгөн адамдарга “оодарып” кое беришет” деген макаласын басып чыгарды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG