Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:52

БЭКтин саясий кеңеши Талас сапарын жыйынтыктайт


Бүгүн кечке жуук Бишкекте жабык өтөөрү күтүлүп жаткан саясий кеңеште Бириккен элдик кыймыл “Ата-Мекен” саясий партиясынын Талас аймагында өткөн райондук конференцияларга жана алардын айланасындагы окуяларга баа берет. “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловдун билдиргенине караганда саясий лидерлер Таластан кечээ кайтып келишти. "Интербилим" борборунун башчысы Асия Сасыкбаеванын билдиргенине караганда оппозициялык партия Таласта болжогон беш жыйындан төртөө өттү.
Райондук милициянын арыздарынын негизинде Кара-Буура жана Манас райондорунда 17-январда өткөн жыйындарды сот мыйзамсыз деп таап, “Ата мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевге, “Акыйкат үчүндүн” лидери Аликбек Жекшенкуловго, “Ата Мекендин” Таластагы координатору Койсун Курманалиевага эскертүү берген. Ошол эле күнү милиция Өмүрбек Текебаевдин автоунаасынан курал-жарак таап, аны экспертизалык текшерүүгө жиберген. Анын алдында оппозиция лидерлери катышкан жыйындар жергиликтүү тургундардын айрым бөлүгүнүн каршылыгына тушугуп, оппозиция лидерлерлеринин тарапкерлерине таандык айрым автоунаалар жол эрежелерин бузду деп кармалышкан. Мунун бардыгына оппозиция бийликтин куугунтугу, кысымы катары карап жатат. Буга байланышкан билдирүүнү БЭК 18-январдагы кезексиз жыйынында кабыл алып, анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн ашынган аракеттери үчүн чара колдонууга президент Курманбек Бакиевди чакырган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG