Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:18

Бүгүн АКШнын жаңыдан шайланган президенти Б.Обама ант берет. Жаңы президенттин келиши менен АКШнын ички жана тышкы саясатында бир топ өзгөрүүлөр болоору айтылууда. Бул өлкөнүн Борбор Азияга карата мындан аркы саясаты кандай нукта өнүгүшү мүмкүн?

“Азаттыктын” түз ободогу тегерек үстөл талкуусуна Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы, саясатчы Мирослав Ниязов, Ишенаалы Арабаев атындагы университеттин (КМПУ) илимди уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси, философия илимдеринин кандидаты Эмил Каниметов жана телефон аркылуу Британиянын Ноттингем бизнес мектебинин угуучусу, “Кыргызстан аба жолдору” компаниясынын мурдагы жетекчиси, учурда АКШда жашаган Акылбек Жумабаев катышты.

“Азаттык”: - Алгачкы суроону Акылбек мырза, сизге узатсак. Учурда АКШда жаңыдан шайланган 44-президентинин ант берүү салтанатына кандай даярдыктар көрүлүп жатат, элдин маанайы кандай?

А.Жумабаев: - Обаманын ант берүү салтанатына катуу даярдыктар көрүлүп жатат. Даярдыктар бир нече ай мурун эле башталган. Ушул салтанатка катышууга Американын булуң бурчтарынан келишип, меймандар да көп болууда. Бир нече ай мурунтан эле мейманканаларда орундар ээленген, жадагалса жеке үйлөр да ижарга алынып, көп адамдар бул салтанатка катышаары байкалып турат.

“Азаттык”: - Коопсуздук чаралары да болуп көрбөгөндөй күчөтүлгөнү кабарланып жатты эле.

А.Жумабаев: - Албетте, салтанат өтчү жерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Салтанат өтчү күнү ошол жерде эртең мененден тартып эле автоунаа кыймылы токтотулат. Коомдук транспорттун да багыттары өзгөртүлөт. Анткени парад өтөт, ага эки миллиондой адам катышат деп айтылууда.

“Азаттык”: - Жаңыдан шайланган президент Барак Обама жалпы улуттук шайлоо алдындагы жыйынында эгер президент болуп шайланса АКШнын саясатын радикалдуу өзгөртөөрүн айткан эле. Бул өзгөрүүлөр биринчи ирээт өлкөнүн экономикасына жана тышкы саясатына байланыштуу экенин белгилеген. Мирослав мырза, сиздин пикириңиз боюнча, эми АКШнын мындан аркы тышкы саясаты кандай болот?

М.Ниязов: - Демократияны, базар экономиканы кыргыздар ойлоп тапкан эмес. Биз көп нерсени үйрөнүшүбүз керек. Америка тышкы саясатты турктуу жүргузүп келген, мындан ары да саясаты туруктуу болот деп ойлойм. Обама биринчи кара өңдүү президент болуп жатат. Бул жалпы элге белгисин берип жатат. Америкада анык демократия бар болгонун көрсөтүп турат. Обама чоң саясий күрөштө жеңишке жеткени жалпы эле Американын жеңиши деп эсептейм. Биз дагы үлгү алсак. Бизде бийликке келсе эле жабышып 10-15 жыл отурам дейт, оппозиция болсо ошол бийликти жулуп алам деп жатат.

“Азаттык”: - Ушул эле суроону Эмил мырза сизге берсем. Сиздин көз карашыңызда АКШнын тышкы саясатында айтылып жаткан олуттуу өзгөрүүлөрдүн болушу канчалык реалдуу?

Э. Каниметов: - Американын жетекчилигине Обаманын келиши Мирослав мырза айткандай, улуу көрүнүш. Бирок Американын саясаты өзгөрүп кетет деген эч негизсиз деп ойлойм. АКШда көптөгөн жылдардын сыноосун башынан кечирген саясий система жана мамлекеттик аппарат бар. Ал мамлекеттин башына келген адамга өзүм билемдик кылууга мүмкүнчүлүк бербейт. Шартты аныктап турган стратегиялык багыттар бар, аны Х.Клинтон да өз сөзүндө АКШнын тышкы саясатынын багыты - прагматизм деп айтты.

“Азаттык”: - Барак Обаманын тышкы саясаттагы позициясы Буштукунан катаалырак болсо болот, бирок андан жеңил, жумшак болоору күмөн, анткени анын шайлоо алдындагы жакын кеңешчилери тышкы саясатта катаал позицияны карманган З.Бзежинский, М.Олбрайт сыяктуу саясатчылар болушкан деген пикирлер айтылып жатат. Бул боюнча Акылбек мырза сиздин көз карашыңыз кандай? Ирактан аскерлерди чыгарам, Ооганстанга көбүрөөк көңүл бурулат, Иран менен диалог түзүлөт деп убада кылган Обаманын келиши менен АКШнын тышкы саясаты кандай нукта өнүгөт?

А.Жумабаев: - Американын мурдатан келаткан салттары бар да. Алар эгерде бир нерсе айта турган болсо, сөз бере турган болсо мурдагы айтылган позицияларын карманууга аракет кылышат. Обама жаңы муундун өкүлү болгондуктан Американы алдыга жылдыруу боюнча өзүнүн жеке көз карашы болот. Анын мамлекеттин тышкы саясаты боюнча өз пикири бар, ал чоң саясатка жакында эле келген жок да. Өзүнүн командасын жакшы түзсө, Клинтон айым тышкы саясатты башкарып кала турган болсо, ал адамдын тажрыйбасы чоң, ошондуктан тышкы саясатта да жакшы нуктагы өзгөрүүлөр болот деп ишенем.

“Азаттык”: - Мурунку тышкы иштер министри, коомдук саясат институтунун президенти Муратбек Иманалиев кыргыз дипломатиясы 20-январдан кийин америкалыктар менен болгон мамилесининин жалпы схемасын түзүп башташы керек деп билдирген эле. Кыргызстандын тышкы саясатта, дегеле дипломатиялык жаатта кадамдары кандай болушу керек , бул тууралуу СДП фракциясынын депутаты Бакыт Бешимов “Азаттыкка” берген пикирин бирге тыңдап, андан соң талкуубузду улантсак.

Б.Бешимов: (интервьюдан үзүндү) - Кыргызстан тышкы саясатта аарыга окшош болушу керек. Бардык гүлдөрдөн, ак болобу, сары-кызыл болобу нектарын чогултуп, бал челегин толтурушу керек. Бизге ким бирөөлөр менен душмандык мамиле түзүү абдан туура эмес. Учурда Орусия менен АКШнын ортосунда бир топ маселелер бар. Бирок биз анын ичине кирбешибиз керек. Алардын терс мамилелеринде колдонулуучу куралга айланып кетпешибиз керек

“Азаттык”: - Мирослав мырза, АКШнын Борбор Азияга карата саясатында бир катар өзгөрүү, жаңылануулар болоору айтылып жатат. Өз кезегинде Кыргызстандын Америкага карата мамилеси кандай болушу керек?

М.Ниязов: - Мен толугу менен Б. Бешимовдун пикирине кошулам, анткени Кыргызстан деген супер мамлекет эмес, бирок улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюш керек. Антпесек биз ортодо кала беребиз. Эми сырткы саясат бизде эч качан туруктуу болгон эмес. Биз көп учурда ошол өзүбүздүн эл аралык уюмдардын кошо турган акчаны да кошпой коебуз. Анан кийин өзүбүздүн үнүбүздү да жоготуп коебуз. Мына мен бүгүн ойлойм, биринчиден биз толугу менен эгемендүү мамлекет болуп, ушул эл аралык коомдордун арасында башыбызды ылдый түшүрбөй кармап турушубуз керек деп.

“Азаттык”: - Бул маселе боюнча Эмил мырза, сиз да көз карашыңызды айта кетсеңиз. Кыргызстандын америкалыктар менен алакасы кандай нукта уланышы керек?

Э. Каниметов: - Жогоруда туура айтылды, кыргыз мамлекетинин башка мамлекетер менен болгон тышкы саясатын биринчи иретте улуттук кызыкчылык шартташы керек деп . Бирок муну кандайча коргош керек, кеп ушунда. Прагматизм деп, америкалыктар азыр биз саясатыбызды прагматизм боюнча жүргүзөбүз деп жатканын чечмелесек. Мен ушул темада кандидаттык диссертация жазгам. Прагматизим - бул көпчүлүк ойлоп жүргөндөй пайда табуу же материалдык кызыкчылыкты көздөмөй эмес. Прагматизм- бул ойлогон ойго, идеология баш ийип,көкүрөктөгү сезимди өчүрүп таштап, ушул боюнча иш кылбастан, бул практикалык реалдуу ишке байланыштырып, ушул башкы багытты, стратегиялык багытты аныктап туруп чечмелесек болот. Ушул багыттан алганда, Кыргызстанда тышкы саясаттын эң башкы максаты - ушул дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттердин бири катары азыркы кезде орунду ээлеп турган АКШ менен өзүнүн саясатын жүргүзүү.

Менин оюмча, ушул кезде турган америкалык база америкалыктардын “демократия үчүн” деп жүргүзүп жаткан дүйнөдөгү стратегиялык саясаты биздин талаптарга абдан туура келет. Ошондуктан муну биз кандай бир тагдырдын берген шарты катары пайдаланышыбыз керек. Бул Кыргызстандын көз карандысыздыгынын абдан бир чоң шарттарынын бири деп эсептесек болот.

“Азаттык”: - Албетте АКШнын Кыргызстанга кызыкчылыгы түздөн-түз Ооганстан менен байланыштуу. АКШ Ооганстанда көбүрөөк аскерий күчтөр жөнөтүлөт деп билдирип жатат. Ал эми Орусиядан насыя акчаны алыш үчүн базаны кетирүүгө кыргыз президенти Курманбек Бакиев макулдугун бериши мүмкүн деген маалыматтар да тараган эле. Бирок Кыргызстанга иш сапары менен келген АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус америкалык базаны Кыргызстандан чыгаруу тууралуу маалымат негизсиз экенин Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнө таянып кечээ маалымат жыйынында билдирди.
Бирок ошол эле учурда кыргыз бийлиги базаны чыгаруу демилгесин кайрадан көтөрсө, бул эки өлкөнүн мамилерине кандай таасирин тийгизиши мүмкүн? Акылбек мырза, бул маселе боюнча сиздин оюңуз кандай?

А.Жумабаев: - Ар бир мамлекет өзүнүн кызыкчылыгына карап иш кылат. Биз да ортодогу мамилелердин негизинде келишимди бардык жагынан түздөп, сүйлөшүп, чогуу, эки тарапка тең пайдалуу келишимдин негизинде кызматташуубузду кура берсек болот. Бул эң туура болот деп ойлойм.

М.Ниязов: - Америкалыктар база боюнча бекеринен тынчсызданган жок. Анткени бүгүнкү күнгө чейин туруктуу саясат жүргүзбөй,мына кетиребиз, ана кетиребиз деп. Ошондуктан мен ойлойм, америкалык база жөн гана Кыргызстандын коопсуздугу эмес, регионалдык коопсуздук эмес, бул-дүйнө жүзүнүн коопсуздугу. Анткени нарко агрессия, террорчулук, куралдарды мыйзамсыз сатуу, ушул сыяктуу коркунучтуу нерселер Ооганстандан чыгып жатат. Обама Оганстанга дагы күчтөрдү жиберебиз деп бекеринен айткан жок.

Э.Каниметов: - Эгерде базанын коопсуздукка тийгизе турган таасири тууралуу айтсам, бул боюнча ар кандай пикирлер айтылып жатат. Ал маңзаттардын Европага тарашына шарт түзүп бере турган база деп да айтылып жүрөт. Бирок антип айткан күндө да менин оюмча, бул база Кыргызстандын көз карандысыздыгын сактоо үчүн чоң шарт болуп эсептелинет. Кытайдан, же Орусиядан келип алардын бийлик өкүлдөрүнүн, саясатчыларынын биздин саясатчыларга басым жасап, базаны алдырып салабыз дегенине баш ийип бербеш керек.

XS
SM
MD
LG