Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Б.Жанузаков: Мыйзамсыз жол менен бийлик оодаруу опурталдуу


Өлкөдөгү соңку коомдук-саясий жагдай тууралуу “Кут” партиясынын төрагасы, Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Болот Жанузаков “Азаттыктын” түз обосунда ой бөлүштү.

- “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тууралуу Таластагы окуя боюнча маалыматыңыз бар болуш керек. Сиз бийликте турган кезде да Кара-Буурада Феликс Куловго каршы жергиликтүү бийлик ар кандай чагымдарды уюштуруп, тоскоолдуктар жасалды эле. Бул жерде эски бийликтин каталары кайталанган жокпу?

- Эски бийлик, жаңы бийлик деп бөлүүнүн өзү туура эмес деп эсептейм. Өлкөбүздө бир гана бийлик бар, ал Конституциянын негизинде өзүбүз шайлап, тандап алган бийлик. Биринчиден, жүргүзүлгөн иштердин баардыгына, мыйзам ченеминде өз убагында ар кандай бааларды берип, ар кандай изилдеп көрсө болот. Ошондуктан мурдагы болгон окуялар менен бүгүнкү болуп аткан окуялардын окшоштугу бар, же ошондой болуп атат деп бир бүтүм чыгарганыбыз туура эмес болуп калар.

- Бирок ошентсе дагы, айрым серепчилер, байкоочулар айтып атышпайбы, маселен, Акаевдин мезгилинде жылына бир адамга кылмыш иши козголсо, учурда саясий оппоненттерге күн санап кылмыш иштери козголуп атат деп. Сиз бул маселеге кандай карайсыз?

- Кылмыш иши козголгондо ошол мыйзамдын ченеминде козголот. Эгерде мыйзамы алсыз болсо, мыйзамын тебелеп тепсесе анда бир эмес он кылмыш иши козголот. Ошондуктан ар бир нерсени божомолдоп, сыртынан тон бычып айта берген туура эмес болот.

- Башкача айтканда, оппозиция лидерлеринин саясий куугунтукка кабылып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөрдү негизсиз деп ойлойсузбу?

- Мен антип айтканым жок. Оппозиция деген бул биздин бүгүнкү турмушубуздун, демократиянын, өзүбүз тандап алган, 18 жылдан бери басып келе жаткан турмуш жолубуздун шарданы. Ал эми оппозицияга бүгүнкү көрсөтүлүп аткан басмырлоо, алардын артынан түшүп, кээ бир лидерлерин куугунтукка алуу бул бүгүнкү күндөгү бийликтин жүргүзүп аткан иши.

- Жогорудагы маселелер 2005-жылдын март окуясын кайрадан кайталоого түрткү болбойбу?

- Менимче, маселе жалаң гана оппозицияда эмес, бүгүнкү жүргүзүлүп аткан мамлекеттик саясаттын кыйшайып калгандыгында болуп турат деп эсептейм. Себеби жалаң гана ошол бийликтин жүргүзүп аткан ишин сынга алып, өзүнүн ички ой-пикирин, көз карашын айткандарын куугунтуктоо эмес, бул дегеле өзүбүздүн элибизди экиге бөлүп салышпадыбы, түндүк-түштүк, акаевчи,бакиевчи болуп бөлүнүп калдык. Акаевчисиң деп канча кишилердин артынан басмырлоо, куугунтук жасап жүрүшөт. Муну деле эсепке алсак болот да. Акаевчилердин баардыгы оппозиция эмес, акаевчилердин баардыгы, бүгүнкү оппозицияда жүрөбүз дегендердин дагы дээрлик көпчүлүгү мамлекеттик кызматта отурушканда алар Акаев, же Бакиев үчүн иштеген эмес, алар өлкө, эл үчүн иштеген да.

- Айрым оппозицячылардын радикалдуу кадамдарга барып, бийликти жакын арада оодарабыз дегенине кандай карайсыз?

- Мен дегеле радикалдуу кадамга барабыз дегенге макул эмесмин. Эгерде биз өзүбүздү өзүбүз сыйлай турган болсок, өлкөбүздүн келечегин ойлой турган болсок биз эч качан мыйзам бузууга жол бербешибиз керек. Мына 24-март 2005-жылкы төңкөрүштүн кесепети – ушул күнгө чейин ылайдан чыгалбай отурабыз. Эми дагы бир жолу радикалдык жолго барып, революция деп кыйкырып-өкүрүп, дагы жер тепкилеп төңкөрүш жасай турган болсок, анда биз өлкөбүздү дагы, элибизди дагы 100 жыл артка ташайбыз. Ошон үчүн мыйзамсыз, антиконституциялык жолго барыш өтө опурталдуу маселе.

- Айрым байкоочулардын баамында, учурда саясий кырдаал курчуп, элдин нааразылыгы да күчөп баратканы айтылып атпайбы?

- Ошол саясатчылардын, баамдоочулардын айтканына мен да кошулуп кетет элем. Ушул күрүлдөгөн кышкы суукта элет жерлеринде 10-12 сааттан, кээ бир жерлерде 14 сааттан электр кубаты жок болсо, күңдөн күнгө кымбатчылык өсүп атса, көмүрдүн баасы 4 жарым-5 миң болсо, тамак-аштын баасы күндө өсүп атса, мына кечээ күнү эле элдер айтып атат, элет жердеги малчыларбыз, фермелерибиз кой-эчки жандыктарын саталбай жүрүшөт, баардыг арзандап кетти деп. Ал эми Бишкекте, шаараларда болсо эттин баасы эки эсе өсүп кетти, 1 кг. эт 200 сом болуп кетиптир.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG