Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Бүгүн Ысык-Ата районундагы Туз айылынын тургундары жөө жүрүшкө чыгат


Бул нааразылык акциясы райондук укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш аракеттерине коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөйт. Бул тууралуу “Эл сөзү” гезитинин баш редактору Сагынбек Момбеков “Азаттыкка” билдирди. Маалыматтарга караганда, Туз айылынын бир тургунунун автоунаасынын номуру кылмышка шектүү адамдын номуруна окшош деген шылтоо менен райондук милиция кызматкерлери камап, ага кыз зордуктады деп айып тагышкан. Укук коргоо органдарынын мыйзамсыз, зордукчул аракеттерине нааразы болушкан Туздуктар жөө жүрүш уюштурууга мажбур болушкан. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG