Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

“Жарандык коом коррупцияга каршы” уюму баш прокурорго кайрылуу жолдоду


Кайрылууда өткөн жылы Адилет министрлиги менен Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы белгисиз себептер менен өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилгендерди Чүй облусунун аймагындагы күчөтүлгөн режимдеги үч колонияга бөлүштүрүп мыйзамды одоно бузушкандыгы айтылат. Жаза өтөө башкармалыгынын жана Адилет министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин шалаакылыгынан, коопсуздуктун жоктугунан №16 жаза өтөө жайындагы күзөт бөлүмүнүн кызматкеринин жана жаза өтөп жатышкан эки адамдын өлүмү, №8 колониядагы Исмил Кочкаревдун киши колдуу болгону белгиленген. “Жарандар коррупцияга каршы” укуктук борбору баш прокурордон жогорудагыларды эске алып Адилет министрлигинин жана Жаза өтөө башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерин жоопко тартууну өтүнгөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG