Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Руслан Исаков АКШдан саясий баш паанек сурашы ыктымал


Уулунун мындай чечим кабыл алыш мүмкүндүгүн коопсуздук кеңештин мурунку катчысы, азыркы оппозициялык саясатчы Исмаил Исаков четке каккан жок. 2006-жылдан бери антитеррордук коалициянын алкагында АКШда кызмат өтөп жаткан Руслан Исаков 20-январда Кыргызстан Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан бошотуу тууралуу рапортун жазып,ага Куралдуу Күчтөрдүн башкы кол башчысы, президент Курманбек Бакиев тарабынан атасы Исмаил Исаков саясий куугунтукка алынышы себеп болду деп билдирген.Кыргызстан Коргоо министрлиги өз кезегинде Руслан Исаковдун кызмат мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө жана кызматтык зарылдыкка байланыштуу мекенине келүүгө чакырык жиберген. “Мындай чакырык уулумдун кызмат мөөнөтү элчилик аркылуу 2009-жылдын октябрь айына чейин узартылганына карабай жасалды. Ошондуктан бул жерде уулума каршы ар кандай чагымдар уюштурулушу ыктымал. Ошондой чочулоор бар. Анткени бийлик мени эле эмес, бардык жакындарымды коркутуп, ишинен бошотуп жатат”,-деп белгиледи оппозициялык саясатчы.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG