Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:17

Бүгүн жарык көргөн орус тилдүү гезиттер Карачай диаспорасынын жетекчиси Исмаил Кочкаровдун түрмөдөн өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу макалаларды жана “Агым” гезитинин өткөн санындагы Ө. Текебаевди каралаган фотосүрөткө карата ой-пикирлерди жарыялады.

“МК Кыргызстан” гезити “Эң жакшы күбө - өлгөн адам” деген макала басты. Анда уюшкан кылмыштуу топтун аталыгы Рысбек Акматбаевдин жакын жан-жөкөрлөрүнүн бири Исмаил Кочкаровдун 17-январдан 18-январга оогон түнү №8 түрмөдөн адегенде балка менен башка чабылып, анан бычакталып өлтүрүлгөндүгү баяндалган.

Аталган гезит өткөн 2008-жылдын №19 санына дал ошол Исмаил Кочкаровдун иши боюнча журналисттик иликтөө жүргүзгөн материалдан, №1 СИЗОнун начальниги Мейилкозу Маматалиев менен болгон интервьюдан үзүндү жарыялаган. СИЗО начальниги өз сөзүндө Кочкаровду жалгыз камерада камап турганын, анткени Акматбаевдан кийинки “аталык таажы” кийген Камчы Көлбаев аны өлүмгө буюрганын, кокус жалгыз камабай, башкалар менен чогуу камап койсо, аны “зектердин” кимиси болбосун көзүн тазалап саларын, ошондуктан Кочкаровду катар-катар кулпу салынган камерада жалгыз камап койгонун айтып берген кабарчыга.

Гезит андан ары Исмаил Кочкаров чынында эле өз өмүрүнөн коркуп жашаганын белгилеп, анын далили катары мурдагы юстиция министри Марат Кайыповго маркумдун ошол өткөн жылы да түрмөдө олтурганда жазган катын мисалга тартат. И. Кочкаров катында: “20-февралда мени карцерге которушту. Ошондон тартып камуфляж кийип, маска тагынган адамдар келип коркутуп, акча талап кыла башташты. “Өлүмүм үчүн эч кимге доом жок, анткени бул жашоодон тажадым” деп кат жазганга мажбур кылышты... Менин үч кичине балам бар. Аларды багып чоңойткум келет. Мен жашагым келет” деп жазган.

Убагында Рысбек Акматбаевдин кадыр-баркы менен бийликтин эң жогорку кызмат даражасы бар адамдары да эсептешип турган.
Анын 2005-жылдын жайында Ысык-Көлдө өткөргөн тоюна өлкөнүн ошо кездеги 1-вице-премьер министри Данияр Үсөнов менен мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров барып конок болуп кайтышкан. Мамлекеттик бул атка минерлер менен кылмыш дүйнөсүндөгү бандиттин ортосунда кандай байланыштар болгондугун билсе бир Рысбек, анан Кудай гана билет.

Аны бир ирет баш прокурор болуп турган кезинде Орусиянын “Время новостей” гезитине Азимбек Бекназаровдун да айтып ийгени бар. Бирок ал мунусун кийин танып койду. Кептин баары мына ошол “сырдуу папкада”.Ошол папка тууралуу бирдеме билгендердин баарында азыр тынч уйку жок. Ал дагы кимдерде болушу мүмкүн? Албетте, Р. Акматбаевдин жакын кишилеринде. Дал ошондой жакын кишилердин бири маркум И. Кочкаров болучу” деп жазды.

Гезиттин дагы бир макаласы салттуу түрдөгү “президентке кат” деген рубрика алдында жарыяланды. Кезектеги катында Елена Агеева минтип жазат: “Бүгүнкү катыбызда тамаша азыраак болот окшойт, Курманбек Салиевич! Анын ордуна бу кудай урган эротика деген эме жөнүндө сөз болгону туру, эми бетиңиз кызарып кетпесе эле болду, анткени азыраак порнографиясы да бар. Баса кол алдыңыздагыларыңызга ырахмат айтып кое тургандайсыз, анткени аларыңыз акыл-эсинен ашынып барып, капырай, сиздин душмандарыңыз менен күрөшүүнүн түз эле эротикалык жолун тандап алыптыр.

Мындан кийин деги эле атын атоого ооз барбай турган республикадагы белгилүү гезит сүрөттөгү “Афродитаны” ким таап чыкса бере турган 10 миң сомун да сайып жибергенге үлгүрдү. Кыйналып-кысталып турган жашоодо байгеге жетчүлөр көп эле чыгышы мүмкүн деңизчи. Бирок менин жаман оюмда сүрөттөгү ошол жылаңач айым эркектен кызга айланган эле Эрнис Кыязов болуп калышы ажеп эмес. Курманбек Салиевич, сиз Кыязовду билип калсаңыз керек, бул жигит УТРКдагы Эшимкановдун орунбасары болуп турганда Текебаев мени интимдик байланышка чакырып жатат деп бүтүндөй республикага бир кыйкырып албады беле.

Кыскасы жолдош президент, мен Текебаевди шерменде кылабыз деп өздөрү шерменде болгон кишилериңизди аяп турам. Өмүрбек Чиркешович чачын жулуп, жер тепкилеп, мен мунун аныгын далилдейм, гезитти сотко берем дей турган жеңил-желпи инсандардан эмес. Дагы бир нерсени эсиңизге сала кетейин, биздин эл деле кадимки эле эл сыяктуу карапайым, жөнөкөй, алпейим. Жогор жакта эмне балээ кылып атканыңардын баарын эң сонун билип турат. Ошол эл бүгүн куугунтуктаган силерге эмес, куугунтук жеген тигилерге боору ооруп турат. Жок дегенде Акаевдин мезгилин бир аз эстеп койсоңуз боло.” “МК Кыргызстандын” каты ушинтип аяктайт.

Карачай диаспорасынын жетекчиси И. Кочкаровдун өлүмүнө байланыштуу “Дело №...” гезити гезит баяндамачысы Артур Исаевдин макаласын сунуш кылды. Макалада Исмаил Кочкаровдун өлүмүнүн кандай болгон себептерин тергөө аныктаары тууралуу сөз болуп, Рысбек Акматбаевдин жакын санаалаштарын түрмөдө олтурган жеринен көзүн тазалоо аракеттери 1-жолу болуп жатпагандыгын, ошондуктан Рысбектин кишилери түрмөгө баргандан жүрөктөрү түшүп коркуп келгендигин белгилеген.

Карачай диаспорасынын лидери саналган И. Кочкаров элге 2005-жылы уюшкан кылмыш тобунун аталыгы Рысбек Акматбаевдин басма сөз катчысы катары таанылганын, ал Акматбаевдан интервью алган журналисттердин жазгандарын оңдоп-түзөп, Рысбек тууралуу кандайча жазуу керектигин үйрөтө да коюп жүргөндүгун баяндаган.

Ушул эле гезит “Агым” гезитиндеги сүрөттөр тууралуу Ө. Текебаевдин өзүнө кайрылганда: “Бул деген провокация. Билдирүүнү кийин жасайм” деп койгонун эскертип, айрым саясатчылардын оюн сураган.

Топчубек Тургуналиев: - Бул деген бийлик менен “Агым” гезитинин ыплас ыкмасы. Ар бир адамдын эч кимдин колу тийбей турган жеке турмушу бар. Бу жалган дүйнөдө эмнелер гана болбойт. Кокус бул сүрөт чын чыкса бүтүндөй үйбүлөлөр кыйрайт. Бирок Текебаев мындайга барат деп мен ойлобойм. Бул азыркы Акүйдүн 7-кабатынын деңгээли, оппозицияны тебелөө үчүн ал бардыгын жасоого даяр.

Темир Сариев: - Буга түшүндүрмө берүүгө да ооз барбайт. Саясый күрөштүн эң эле паска түшкөн көрүнүшү. Гезит мындай нерселерди баспаш керек эле.

А. Бекназаров: - Бул бийликтин жасаганы. Фотомонтаж. Баягы матрешканын уландысы.

Р. Отунбаева: - Бийлик идеологиясынын деңгээлинин канчалык төмөндүгүн мындан башка жол менен далилдөө мүмкүн эмес. “Агым” деген өкмөттүк гезит.

Ч. Жакупова: - Жийиркеничтен бөлөк эч нерсени пайда кылбайт. Биздин саясатчылар менен саясаттын деңгээли, биздин журналистиканын азыркы жүзү ушул. Муну талкууга алып да, сөз кылып да кереги жок.

XS
SM
MD
LG