Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Р.Отунбаева: Парламентте да тоскоолдуктарга кабылуудабыз


Кечээ парламенттин маалымат борборуна Социал-демократтар фракциясынын депутаттары жыйын өткөрүү үчүн кире алышпады. Кабарчыбыз Илим Жанузаков фракция мүчөсү Роза Отунбаевага суроо узаткан.

- Роза айым, алгач сиздердин Жогорку Кеңештин маалымат борборунда маалымат жыйын өткөрөбүз деп жарыялап, бирок ал жакка өзүңүздөр кире албай калышыңыздар кандай болду? Мына журналисттер дагы маалымат борбордун залы жабык болгонуна күбө болушту. Жогорку Кеңештин өздүк сайтына да журналисттер үчүн жыйын өткөрө турганыңыздар тууралуу маалымат чыкпай жаткан экен. Буларга кандайча түшүндүрмө бере аласыз?

- Биринчиден, мен айтып коёр элем. Азыркы парламентти бирөөлөр партиялык тизме менен келген парламент десе калп болуп калат. Карандай калп болот. Анткени азыркы парламент жеке Курманбек Бакиевдики. Ал киши өткөн парламентти таратып, “биз эми жаңы доорго өтүп атабыз, бул партиялык тизменин негизинде боло турган парламент” деп коюп, өзүнүн “Ак жол” партиясы жетимиштен ашуун орунду ээлеп отуруп алды.

Мисалы, биз Жогорку Кеңеште саны, салмагы боюнча экинчи фракциябыз. Мыйзамдуу депутатпыз. Ошого карабай биз жаңы эле Таласка эл менен жолугушууга барып келип баарына күбө болдук. Таласта жергиликтүү бийлик, милиция ак үйдөн түздөн-түз көрсөтмө алып, депутаттардын статусу жөнүндө мыйзамды бузуп бизге бут тосушса, эми Жогорку Кеңештин ичинде да так ушундай басмачылык болуп атат. Мен башкача айта албайм. Бул – жапайы, басмачы бийлик. Булардын жасагандары ушунчалык караңгылык, жапайычылык. Мына, бүгүнкү күнү мыйзамдуу фракцияга маалымат жыйын өткөрөбүз десек парламенттин маалымат борборун бербей атышат. Биз журналисттерге Таласка болгон сапарыбыз тууралуу, чектен чыккан тоскоолдуктар тууралуу айтып берели деген элек. Бирок дагы бир жолу далилденип отурат. Бул бийлик мыйзамдуу түрдө, бетме-бет отуруп сүйлөшүүгө даяр эмес экен. Булар колунан келсе баарыбызды түрмөгө тыгып салмак экен.

- Кызыктай жагдай болуп турат. Сиздер Жогорку Кенештин депутаты, экинчи ири фракция болуп туруп ошол эле парламенттеги маалымат борборго кире албай калып отурасыздар? Парламент жетекчилиги сиздердикиндей чакан фракцияларга жыйындарды өткөртпөй коюуга укуктары барбы?

- Жок. Сөзсүз түрдө андай укуктары жок. Биз депутат катары качан болбосун, ким менен болбосун жолукканга, иш-чара өткөргөнгө укугубуз бар. Парламент имаратында кандай гана мүмкүнчүлүктөр болсо да “Ак жол” фракциясынын депутаттары сыяктуу эле тең укукта пайдалансак болот. Мына ошолорду пайдалануубузга тоскоолдуктар болуп атат. Азыркы Айтибай Тагаев деген төрага шайланып атканда, анын келишине негиз деле жок болчу. Эч ким тааныбаган, эч ким тааныбаган адам эле да. Ал төрагалыкка келгенде “баарыңарга тең мамиле кылам” деп күпүлдөп келбеди беле. Азыр көрүп атабыз, бул киши бизге өзү айткандай мамиле кыла албайт, ага көзү да жетпейт, тескерисинче өзү бизге каршы көрсөтмөлөрдү берип атат. Мына, маалымат борбору жабык болуп, биздин ал жакка кире албай калганыбызды келген журналисттердин баары көрүштү.

Дагы айтып кетчү нерсе, бизге, Социал-демократтар фракциясынын депутаттарына кысым күчөп, бардыгыбыздын өмүрүбүзгө коркунуч туулуп атат Кыргызстанда. Мына, биздин депутат Руслан Шаботоевдин жоголгонуна жарым жыл болуп баратат. Ошондой эле биздин депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу, Социал-демократтар фракциясынын тизмесинде кыркынчы болуп турган Бактыяр Амиржановдун жоголгонуна да жарым жылдай болуп калды. Биздин ар бир депутатка, аларлдын үй-бүлө мүчөлөрүнө басым-кысым блуп келатат. Бир тобуна кылмыш ишин козгоп жүдөтүштү. Биздин парламентте иштөөбүзгө ушундай абдан чоң кысым болуп атат. Мыйзамдуу депутаттарга ушундай чоң кысым жасап атышкандан кийин, баш көтөргөн жөнөкөй адамдарды булар түрмөгө эле тыгып атышат.

- Роза айым, мына сиздердин фракцияга карата ушул сыяктуу мамиле парламент ичинде мындан ары да улана берсе кандай болот. Анын да чечиле турган жолдору бар да. Сиздер маалымат каражаттарына айтып эле тим болбой, балким укугуңуздарды мыйзамдуу түрдө соттон коргойт чыгарсыздар?

Бизде толуп аткан мүмкүнчүлүктөр бар. Биз токтобойбуз, өз укуктарыбызды коргой алабыз, мыйзамдарды жакшы билебиз. Биздин аркабызда эл турат, колдоочуларыбыз көп. Муну биз дагы көрсөтөбүз, далилдейбиз.

- Дагы бир тактай кетчү жагдай. Жогорку Кеңештин маалымат борборуна кире албай калышыңыздар, сиздердин “Ата мекен” партиясы менен бирге Талас облусуна барып келишиңиздерден кийин болуп отурат. Мунун байланышы барбы сиздин оюңузча?

- Биз Жогорку Кеңеште саны боюнча экинчи фракция болсок да бизге эч нерсе ыраа көрүшпөйт. Төртөө окшошуп отурушат, төрага менен анын орун басарлары. Мисалы, биздин фракциянын лидери Бакыт Бешимов Таласка барайын десе бензин беришпейт. Төраганын колунан келгени эле ошол, бензин жазып бермей. Ошону да бербей атат. Бул абдан адилетсиздик жана караңгылык да.

Анан, парламентте чет өлкөлөр менен иштешчү бир канча топтор бар. Ошонун бардыгын 100 пайыз “Ак жол” алып алган. “Ак жолдун” депутаттары каякка барам десе ошол жакка барып, кызматтык сапарга бөлүнгөн каражаттын баарын ушулар коротушат. Канча бензин короторун, эмне иш кыларын булар өздөрү билет. Өздөрү кожоюн, өздөрү олуя булар, азыркы К.Бакиевдин парламентинде.

Биз болсо оппозициянын бир бөлүгү болуп, БЭКке кошоулдук да. Эми ошого булар эки эсе күчөп, абдан начар иштерди жасап, ишибизге тоскоол болуп атышат.
Маселен, биз Таласка барганда абдан чоң тоскоолдуктарга кабылып, парламенттик, мамлекеттик номуру бар унаабыз менен да өткөрбөй, эл менен жолуктурбай атышты. Ошол эле убакта “Ак жолдун” карапайым эле бир депутаты барган экен, Таласта тайраңдап эле жүрдү.

Айтсак, булар Таласка бир максат менен, өз чөнтөгүн толтуруш үчүн гана барышат. Таласта төө бурчактын баасын абдан төмөн кармап, элди жүдөтүп аткан да дал ушул “Ак жолчулар”.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG