Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:53

Кыргызстандагы чет элдиктердин 8 миңдейи иштейт


Кыргызстанда жашап жаткан 50 миңдей чет элдик жарандардын ичинен болгону 8 миңден ашууну гана райсмий түрдө иш менен камсыз болгон. Бул тууралуу бүгүн парламентте “Ак Жол” фракциясынын жыйынында Миграция жана жумуш менен камсыз кылуу комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова билдирди. Анын айтымында, аталган комитет өлкөдө канча чет элдик жарандар жашап жана иштеп жатканын так аныктай албайт. “Ушул тапта бизде мигранттардын келип-кетүүсүн көзөмөлдөөгө функциябыз жок. Анткени, көптөгөн мамлекеттин өкүлдөрү Кыргызстанда каттоосуз үч ай жүрө алат”, -дейт А.Рыскулова. Мындан сырткары алардын арасында Кыргызстанда жашоого уруксат же өлкөнүн жарандыгын алып, эл аралык уюмдарда иштеп аткан чет элдиктер көп экенин белгиледи. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG