Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Ноокат районунун он жашоочусу Иорданиядан баш паанек сурашууда


Бул тууралуу бүгүн “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова адам укуктарын чектөөгө каршы атуулдук форумда билдирди. Анын айтымында, баш паанек суроого өткөн жылдын 1-октябрь Орозо айт күнү акимчиликтин алдында тополоң салды деп айып тагылышы себеп болгон. Азырынча Иорданияга баш паанек сурап кимдер кайрылгандыгы тууралуу так маалымат жок. Ошондой эле Динара Ошурахунова баш аламандык уюштурду деп айыпталган 32 адамдын 28ине жүйөөлүү далилдер табылбаганын, сот учурунда аларга кысым көрсөтүлгөнүн ырастады. “Эми укук коргоочулар менен оппозиция мүчөлөрүнө да ошондой ыкмалар колдонулушу мүмкүн деген кооптонуусун билдирген Д. Ошурахунова Ноокат окуясын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү зарылдыгын белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG