Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Сырттагы оштук мигранттардын саны 54 миңден ашты


Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган Ош облустук миграция комитетинин төрагасынын орун басары Дина Анарбаеванын айтымында, мигранттардын 80 пайызы – Орусияда, 19 пайызы – Казакстанда, калгандары башка мамлекеттерде жалданып иштешет. Алардын басымдуулугу соода-сатык менен алектенишет. Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, жогорудагы маалымат чындыкка коошпойт. Ош облусунан жумуш издеп бөлөк өлкөлөргө сапар тарткандардын саны мындан 4-5 эсе көп болушу ыктымал. Себеби миграция комитети келип-кеткендердин так эсебин билбейт. (ATo)

XS
SM
MD
LG