Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Орусия Барак Обамадан кандай саясатты күтөт?


20-январда АКШнын 44-президенти Барак Обаманын ырасмий түрдө кызматка киришүү каадасы өттү. АКШнын жаңы президентинин аземде сүйлөгөн сөзүнөн кийин орусиялык серепчилер Обаманын тышкы саясатынын күн тартибинин алдыңкы катарында Орусия болбогонун белгилешти. Серепчилер эми Орусия менен АКШ ортосундагы мамилелер кандай нукта өнүгөт деген суроого жооп издешүдө.

Орусиялыктардын кең чөйрөсү Обаманы жакшы адам деп айтышууда. Ал эми жалпылаштырган пикирде болсо жаңы президент Орусияда “согуш отун тутантчу” деген атка конуп калган Жорж Буштан төмөн болбойт деп баалашууда.

Серепчилер, былтыр августта Кремл Грузияга каршы согуш ачканда Жон Маккейнге караганда Барак Обама жумшак айып таккан, ошондуктан анын мамилеси жылуу болот дешет. Бирок байкоочулар “Орусия” дегенде саясатты катуу жүргүзчү Обаманын вице-президенти Жозеф Байден бар деп белгилешүүдө.

Жаңы президенттин тышкы саясаты анын чөйрөсүнүн кеңешине жараша болору маалым. Жакында айтылуу саясатчы Збигнев Бжезинскийдин «G 2» чоң эки түшүнүгү эске алынышы толук мүмкүн дешет. Ал көз караш боюнча Кытай менен Кошмо Штаттары дүйнөнү бирге башкарууга жетише алышат.

Көз карандысыз саясатчы Андрей Пионтковский бул мүдөөнүн эки гана тараптуу эмес үч: «Орусия – Кытай – Кошмо Штаттары» болуп түзүлүшү дурус болмок деп эсептейт:

- Мен бул мүдөөнү Орусия-АКШ ортосундагы алакадагы Борбордук Европадагы ПРО ошондой эле НАТОнун кеңейиши сыяктуу маселелерден алда канча маанилүү деп эсептейм.

Серепчи Кирилл Рогов «20-кылымга таандык кансыз согушка катышкан акыркы кишилер Путин менен Буш. Алардын куралы – кара май, тирешүү, геосаясат болгон... Обама башка муундан. Орусиялык саясий жетекчилер андан бир муунга артта»,-дейт.

«Бирдиктүү Орусия» партиясынын Мамдумадагы депутаты Сергей Марков буларды белгилейт:

- Обаманын шайланышы биз үчүн абдан жакшы деп эсептеймин. Баарыдан мурда Буш менен Чейнинин үрөй учуруучу командасынын кетишинен улам жакшы. Алар бизге Түштүк Кавказдагы согушту уюштурушту, алар Украинага орустарды такыр жек көрүүчү саясат жүргүзгөн жетекчини бийликке отургузушту, мурдагы советтик аймактын баарында биз менен кармашканга барууга айгакчы болуп келатышкан.

«Время новостей» гезити болсо, Кошмо Штаттар жаңы президентинин «эски достор жана мурдагы душмандарыбыз менен чаалыкпастан иш жүргүзөбүз» деген кебине шилтеме берип, «Барак Обама, кантсе да «мурдагы душмандарынын» ичине Орусияны да кошту. Барак Обама эл алдында сүйлөгөн сөзү аяктагандан бир саат өтүп өтпөй АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун жакында Москвага келип калышы мүмкүн экендиги маалым болду» деп жазат.

XS
SM
MD
LG