Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:18

Кыргызстандын ММКлары АКШнын ишин жаңы баштаган 44-президенти Барак Обома тууралуу ой-пикирлердин, макалалардын топтомун жарыялоону дагы эле улантууда.

“Аалам” гезити “Америка улуттардын динине, расасына карабаган жалпы үй боло алат” деп айткан АКШнын 44-президенти Барак Обоманын сөзүн баш тема кылуу менен Кыргызстандын көрүнүктүү саясатчыларына кайрылып, ал тууралуу ойлорун сурады.

Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов: - Америка деген президенттик мамлекет. Вашингтондогу Барак Обоманын ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүн угуп дипломат катары ынандым. Өзгөчө анын: “Биз улуттар менен болгон саясатты күч менен эмес, дипломатиялык жол менен жүргүзүүнү максат кылышыбыз керек” деп айтканы көңүлүмдү көтөрүп койду. АКШ дүйнөлүк держава, эми Барак Обоманын келиши менен саясатта чоң бурулуш болот деп эсептейм.

Экс премьер-министр Алмаз Атамбаев: - Б. Обоманын ант берүү салтанаты мага аябай жакты. Ал: “Биз келечекти коркуу менен эмес үмүт менен карайлы” деп айтпадыбы, ошондуктан биз да аны үмүт менен карап турабыз.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев: - “Элүү жылда эл жаңы дегендей” азыр Америкада таптакыр башка эл пайда болду. Ал эл адамдарды динине, расасына бөлбөстөн сабатына, эмгегине, мээнетине жараша баалай турган коом түздү. Мына ушунун өзү эле дүйнөнү өзгөртө турган окуя. АКШнын жаңы бийлигинин саясаты Буштун саясатына караганда таптакыр башка жана Борбор Азиядагы демократиялык процесстерге тийгизген анын таасири да башка болот. Барак Обоманын президент болуп шайланышынан кийин АКШда демократиянын орду бар экенине көптөгөн өлкөлөр ишеним артып калышты. Барак Обоманын ар бир сөзүндө бизге окшогон майда мамлекеттер үчүн да маанилүү жактар бар экени көрүнүп турду.

Гезит андан кийинки бир байлам кабарлары аркылуу аз убакыт өкмөт башчысы боло калып кайра бошотулган Азим Исабеков жакында Акүйгө кызматка барганы жатыптыр деп, УТРК баш деректири Мелис Эшимкановдун ордун эс алуудан келип Нурлан Шакиев ээлегени калыптыр деп, ЖК төрагасы Айтибай Тагаевдин ордуна депутат Улукбек Ормонов отурат окшойт деп, ээси жок калган ТИМге Кыргызстандын Украинадагы элчиси Эркин Мамкулов же Марат Султановдун бир тууганы, кезинде А. Акаев админстрациясын аз убакыт жетектей калып бошотулган Омар Султанов келет деп атышат деп кеп таратты.

“Учур” гезити “Барак Обоманын президент болуп шайланышы менен АКШнын өнүгүшүндө жаңы этап башталды десек болот. Себеби, өлкөнүн тарыхында 1-жолу кара түстөгү адамдын бийликке келиши менен көп иштер өзгөрүшү мүмкүн деп үмүттөнүп жатышат. Ооба, мындан 20 жылдай мурда эле кара түстөгү адамдын бийликке келиши америкалыктардын түшүнө да кирбеген жомок сыяктуу болучу” деп жазды.

Гезит жергиликтүү темаларга кайрылып, жаңы сандагы баш макаласынын атын “Бригада” – бешилтиги” деп атады. “Акүй саясый топтун курчоосунда калды. Мурдагы парламентте оппозицияны ооздуктоо үчүн түзүлгөн “бригада” кайра жанданып, М. Султанов, К. Ташиев, С. Жапаров, А. Мадумаров сыяктуулар “бригаданын өзөгүн жаңыртты”... Данияр Үсөнов болсо Жаныш Бакиевден “добро” алды” деп баяндады.

“Ошентип К. Бакиев баш болуп 2010-жылдагы тагдырын ушуларга гана аманат кылганы жашыруун болбой калды. Эми мындан ары кандай болушу мүмкүн? Д Үсөнов саяасат менен ишкерликтин тизгинин бирдей чоюп келаткан Ф. Кулов менен А. Атамбаевдан өч алууга аркет кылат. Бирок ал мурдагы админстрация башчысындай Бакиевге кулак да, көз да болуп бералбайт. Оппозиция менен да тил табышып, сүйлөшүп кеталбайт. Ошону менен бирге эле азыркы парламенттин “көрө турган күнү менен иче турган суусу” да азайып калды...” деп жазды.

Гезит мурдагы Коргоо министри, генерал Исмаил Исаков менен да аңгемелешкен. Генерал партиялашы Үсөн Сыдыков тууралуу сөз кылып, ага эч кандай капачылыгы жоктугун, Үсөн Сыдыковго бийлик тараптан катуу кысым болушу мүмкүн же Ак үйдүн суранчын четке кага албай койду болуш керек деген ою бар экендигин айткан. Генерал андан ары “Жаңы Кыргызстан” партиясынан мүчөлүктөн чыкпагандыгын, эч кандай партжыйын да боло электигин, кайра ага партиялаштары телефон чалып: “Биз сизди колдойбуз, сиз эч качан ойлонбоңуз” дешип, алтургай коргоо комитетин түзүп, дем болуп жатканын билдирген. Кабарчынын “Өлкөнүн мындан аркы тагдыры кандай болот деп ойлойсуз?” дегенине И. Исаков, ал барып-келип эле Кудайдын колунда экенин, чынында азыр абал өтө оордугун, бийликке чындыкты ачык айткандарга 37-жылдагыдан да катуу кысым башталганын, митинг, пикетке чыккандарды армиянын колу менен ок чыгарып болсо да тосо турган мыйзам кабыл алышканын жана башкаларды айтып берген.

“Жаңырык апта” гезити жакында Каржы полициясынын башчысы А. Муйбиллаев ээлеген ордунан шыпырыларын, ошондой эле кызматынан кете тургандардын катарын Эсеп палатасынын төрагасы И. Гаипкулов, Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу да толуктап калышы мүмкүндүгүн, ал эми Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова менен соттошом деп ректорлуктан учуп түшкөн Ы. Өмүрканов кайра так ошол Ишенгүл айымдын ордуна барганы калыптыр деген күбүң-шыбың күчөгөнүн маалымдады. Бул сандан булардан тышкары Ө.Текебаевдин “Бүгүнкү бийлик ыплас, орой, мыйзамсыз, кылмыштуу методдорго өттү” деген интервьюсун, “Бийлик өкүлдөрү элди регионго бөлүп жатабы?” деген ж.б. макалаларды окууга болот.
XS
SM
MD
LG