Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:09

Патент ишкерлерди көмүскөгө түртөбү?


Өткөн жумада ишкерлердин бир тобу жаңы Салык кодексине нааразылык билдирип чыгышкан эле

Өткөн жумада ишкерлердин бир тобу жаңы Салык кодексине нааразылык билдирип чыгышкан эле

Жаңы жылдан тарта жаңы Салык кодекси иштей баштады. Анын негизинде патент системасында да бир катар өзгөрүүлөр болду. Ал кандай өзгөрүүлөр экени жана анын ишкерлерге тийгизген таасири тууралуу Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин салыкты жөнгө салуу башкармалынын жетекчиси Майрамбек Ажыбаев “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кеп салып берди.

- Майрамбек мырза, алгач патенттик системадагы жаңы тартиптер, өзгөрүүлөр туралуу сөз кылсак.

- Өзүңүздөр угуп аткандай бүгүнкү күнү патент системасы аябай актуалдуу тема болуп атат окшойт. Себеби жаңы Салык кодексинин ишке кириши көпчүлүк адамдардын суроосун туудуруда, ошонун ичинде патент системасында дагы. Себеби өзгөрүүлөр болуп аткан мезгил. Патент системасы бул мурунку кодекс боюнча киреше салыгын чагылдырып, ичине камтып келген. Азыркы күндө эки салыктан турат. Бул пайда салыгы жана сатуудан төлөөчү салык. Патент 1996-жылдан бери биздин Кыргызстанда иштеп келет. Себеби өкмөт ошол учурда патентти жаңы ишин баштап аткан жеке ишкерлерге жардам иретинде киргизген. Себеби ал жерде бухгалтердик эсеп жүргүзүлбөйт, ал жерде канча сатып атасың бухгалтердик эсебин алган эч ким жок, жөн гана хронометраж кылып коюп аткан. Бир соода түйүндөн ушунча түшөт деп айына белгилеп келген сумманын негизинде гана текшерилчү.

- Ишкерликтин 122 түрүнүн 51и кыскарган экен, анын үстүнө ишкерликтин түрүнө жараша патенттин баасы да бир нече эселеп кымбатташы орто жана кичи бизнес менен алектенгендердин нааразылыгын туудуруп жатпайбы?

- Аныңыз туура, 122 түрдөн бүгүнкү күндө 71и калды. Бирок мен анча көтөрүлдү деп эсептей албайм. Анткени болгону 3 пайыздан 23-24 пайызга гана кымбаттады. Бул жерде өзүңүздөр карасаңыздар “Дордой” базары боюнча да айтып кетели, себеби кечээ профсоюздары менен жолуктук, чындыгында бул элге туура эмес маалымат жетип атканын негизинде болуп жатат. Биз барганда да айтышты, ушунча кымбаттатып жибериптирсиздер 2 миңге деп. Ар катарга барып айтып аттык, кийинкиси мындай болуп атат, мурда мындай болчу, 4 пайызды базарком жыйначу деп. Азыркы күндө базарком жыйнабай калды, ал азыр патенттин наркына кирип, түздөн-түз салкчылар жыйнай турган болуп калды. Ошонун баарын түшүндүрө келгенде алар тескерисинче бизден кечирим сурашты, туура эмес маалымат жетип калыптыр, кичине мурунураак келсеңиздер болмок дешти.

- Ошол эле учурда патент акынын эң кымбаты оюн-зоок жайларга, казинолорго салынган экен. Бул мындай көңүл ачуу жайлардын жабылышына алып келбейби?

- Оюн-зоок жайларына бүгүнкү Салык кодексинин негизинде 100 миң сом салынды. Алар патенттин негизинде иштеп келгендиктен мен алардын кирешесин билбейт экемин. Бирок биз аткаруучубуз, ошондуктан 100 миң сомду алышыбыз керек. Бирок бүгүнкү күндө түнкү оюн-зоок өткөрө турган жерлерден бизге расмий билдирүү деле боло элек. Ошондуктан биз Салык кодексинин негизинде иштешибиз керек.

- Патенттик системанын негизги максаты - коррупцияны азайтуу жана ишкердикти көмүскөдөң алып чыгуу да. Ал эми азыркы система тескерисинче кичи ишканаларды көмүскөгө кетүүгө мажбурлап жатат деген айрым адистердин пикирлери канчалык негиздүү деп ойлойсуз?

- Мен сиздин оюңузга кошула албайт элем. Тескерисинче ошол патенттик система бул бүгүнкү күңдө жеке ишкерлерди көмүскөгө түртүп келет. Анткени бухгалтердик эсеп жүргүзүлбөйт. Ошондуктан патенттен пайдаланып, көп ишкерлер мамлекетке зыян келтирүүнүн үстүндө. Эгерде бүгүнкү күндө жалпы эсеп жүргүзүүгө өтүп алса, ал жерде ачык-айкын эсеп болот, канчага алды, канчадан сатып атат, канча пайда тапты дегендей. Патенттин жаман жери ушул да, мисалы пайда төкпөсөң деле айына 6 миң болсо 6 миңди ошол жерге төгүшүң керек. Бул жерде реалдуу бухгалтердик эсеп жүргүзүү болот. Эртедир-кечтир биз баарыбир ушуга келишибиз керек. Биз караңгычылыктан чыгып, ачык-айкын эсепке өтүшүбүз керек. Ошондуктан биз айтып атабыз тапсаң киреше салыгын төлөй бер, таппасаң декларациясын тапшырат дагы эч кандай салык төлөбөйт.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG