Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:57

“Талант тагдыры” аттуу түрмөктүн бул жолку чыгарылышы жакында эле арабыздан келбес жайга кеткен көрүнүктүү төкмө акын, таанымал дастанчы, эл артисти Тууганбай Абдиевдин чыгармачылыгына, жаркын элесине арналат.

Кечээ эле ак калпагын чыкырылта, суусар тебетейин суйкайта кийип, тилинен чаң чыгара чоңколордун устаты, төкмө акын Коргоол Досувдин жоркутарын, тамашалуу кептерин айтып, өзүнүн ырларын да нөшөрлөнтө төгүп, дастандарды чубурта айтып, кабагым-кашым дебей угармандардын, окурмандардын төрөсү атыгып, чыгармачылыгы ашып-ташып толуп турган курагында Тукем – Тууганбай Абдиев о, дүйнөгө сапар алганына кырк күндөн ашты. Ошентип, “өкүнөсүң каласың, өткөндү кайдан табасың” деп калгандай калың кыргыз калкы урматтуу Тукебиздин ырдаган ырларын, айткан дастандарын, ачуу-таттууну аралаштыра сүйлөгөн тамашалуу сөздөрүнө каниет кыла, жаркын элесин элестете эстеп ушуга да кудая тобо деп, арбагына таазим этип турган кези.

Тукем менен жолукканда шык учкунун кимдер тутантканын, устаттары кимдер болгону жөнүндө сураганымда маркум жадырай-жайнай буларды айткан эле:

- Өзүң жакшы билесиң, илгери биздин Кетмен-Төбөдө ак таңдай жана жамакчы акындар көп болгон. Менин мектебим өзүмдүн айылым. Мен жашаган үйүбүздүн түбүндө Мундузбайдын Байымбет, Үкү, Айдараалы деген балдарынын баарысы комузду жакшы чертүүчү. Байымбеттин балдары Сулайман, Муктар да атасынын жолун жолдоп, алар да комузду жакшы чертүүчү. Үкү деген согуштан оң колу жок болуп келди. Ал мага сол колу менен комуз чаап берди. Комуздун кылдарын ал сол колу менен басат, мен оң колум менен чертем. Ошентип комузду черткенди үйрөндүм. Биздин айылда Мама деген жамакчы акын, Жанаалы комузчу, Кошаалы, Малабаш ырчылар бар эле. Алардын ырдаган ырларын угуп, көрүп ушулардай ырчы болсом деп ак эткенден так эте дегдечүмүн. Кезектеги бир соттордун шайлоосунда Малабаш менен Кошаалы алым сабак айтышып ырдап калды. Экөөнүн ырын угуп “аттиң ай, экөөндөй ырчы болсом” – деп таасирленчүмүн.

Райондо Үч-Теректин маданият үйүнө айтылуу куудул Бекназар, төкмө акын, дастанчы Сарыкунан, комузчулар Кадыркул, Аскар Тезекбаев келишип, концерт беришчү. Алардын өнөрлөрүн калтырбай көрүп, ырдаган ырларын, черткен күүлөрүн такай угуп жүрдүм. Эми, ойлосом шыгымдын жанышына алардын да таасири тийиптир. Алтымыш, Казы менен бирге ырдай баштадым. Андан кийин айтылуу төкмө акын, комузчу Коргоолго учурап, бирге жүрүп, батасын алдым. Андан кийинки саяпкерлерим көп.

Тууганбай Абдиев ошентип өзүнүн алгачкы устаты Коргоол Досуевден “Гөлөш”, “Байтал жоголгондо” аттуу тамашалуу ырларын, “Дүнүйө” деген термесин ж.б. ар кандай темадагы ырларын үйрөнөт. Калк арасында ырдайт.

Коргоолдун “Гөлөш жоголгондо” аттуу тамашалуу ырын Тууганбай мындайча аткарып жүргөн:

Коргоол аксакал Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки турмуштун каат кезинде базарга келет, жокчулук маалы. Ал базарды аралап жүрүп бир кепичин (гөлөшүн) жоготуп ийет. Ошондо Кокем базардын оозуна туруп алып мындайча жар салып ырдаптыр:

Ай төбөдөн тоголду,
Анжыяндан барып алып келген
Аягына бап келген
Алтынчы гөлөш жоголду.
Күн төбөдөн тоголду
Күндө минсем табылбас
Күнчүлүк жолдон арыбас,
Күлүгүм бүгүн жоголду.
Алтымыш сом баасы
Апасыз калды маасы.
Жетимиш сом баасы
Жетим калды маасы
Коргоолго келип бергиле
Кокустан таап алганың, - деп ырдаса, бир мантайган келин: “Ушу гөлөш сиздикиби. аба” десе, келинге минтип бата бериптир:

Баракелди келиним
Тар турбайбы желиниң,
Балтайган эркек төрөп ал
Бар кезде күчү белиңин.

Келин шарт бурулуп качып жөнөйт экен.

Тууганбай устаты Коргоолдун тамашалуу, кытыгылуу, куйкумдуу ж.б. ырларын, өзү да жамактап ырдап жүрүп, 1956-жылы Жалал-Абат областтык драма театрына артисттикке кабыл алынат. Шайырлар менен эл аралап ырдайт, ролдордо ойнойт, сахнада өзүн алып жүрүүнүн жол-жоболорун, эрежелерин үйрөнөт.

1961-жылдын март айында төкмө акын Токтосун Тыныбаков менен акын драматург Райкан Шүкүрбековдун сунушу менен ал Кыргыз филармониясына кабыл алынат.

Тууганбай филармониянын босогосун аттары менен илгертен солтолордун солкулдак ырчысы атыккан опол тоодой атактуу төкмө акын Осмонкул Бөлөкбаевдин киндик каны тамган жерине чейин издеп барып жолугушат. Ал жөнүндө маркум Тукем:

-1961-жылы Осмонкул акынды издеп үйүнө бардым. – Атамды Ничке-Сууга Өмүркул байкем чакырып кетти, - деди бир жигит. Ал жигит Осмонкулдун уулу Белек экен. Мен келген жайымды айттым. – Мынча келип калыптырсың, атама алып барып учураштырып келейин, - деп өзүнүн “Волга” машинасы менен Ничке-Сууга алып барды. Биз барганда Осоке жок болуп чыкты. Дагы бир тууганы чакырып кетиптир. Эки саат чамасынан кийин келип калды. – Ата бул жигит атайы сизди издеп учурашайын деп келиптир, ырчы экен, - деди Белек. – Ырчы болсо ырдап учурашсын, - деп кыңайып жатып алды Осокем. Бир чети сүрдөп, бир чети келбей эле койбой деп ичимден өзүмдү тилдеп, комузумду алып тобокелге салып, ырдап турганым:

Келбедиңиз күттүрүп,
Кечтен бери карата,
“Көрсөм” десем көзүм төрт,
Көөнүм, оюм самата
Алтын жаак, жез таңдай
Амансыңбы, жан ата?
Эргийт экен көңүлдөр
Эң жакынын самаса.
Элеңдедим келсе деп,
Эне күткөн балача,
Элпек тилдүү, талыбас,
Эсенсиңби жан ата?
Сүйүнгөнсүп жатамын
Кубангандан бой эрип,
Көрүп өңүн атанын
Кара жаак, кайчы тил,
Калк кумарын жазарым.
Желбес жорго, сар таман
Жез така урган атайын.
Жорголосоң калбастан
Жолуңуздан басайын – деп, туулуп өскөн жайымды, ырдаганды акын Коргоол шайырдан үйрөнгөнүмдү айтып келип:

Элпек тилим камчылан
Терип сөздү кынаган,
Текке кетпес убарам
Таамай ойду такалбай,
Таап айтсам кубанам,
Кээ бир кезде сөз таппай
Кекечтенип какагам,
Алабарман ырдатпай,
Арылтсаңыз катадан
Тайгылбасын уруп бер
Тилге какчу такаңан.

- Оп баракелде, бу тайым улоорок окшойт, кичине үйрөтүп минбесе, мөнкүп жыгып кеткидей – деп, Осокемдин ырдаганы:

Калкыма келсең чырагым,
Каршы алып колум сунамын
Кадырлап айткан сөзүңө
Канагат кылып турамын,
Кузгунга чаппай куу ал деп,
Куштун да салат кыраанын
“Азамат” десе атылба,
“Жамансың” десе жашынба
Абайла, сыйла дайыма,
Аксакал турса кашыңда
Жамандап болбос нерсени
Жалакор болбо жашыңда
Көкүрөк уруп “мен” дебе,
Көп болсун талант элде де
Иритип алат турмушун
Ит кыялдуу желдеме
Кошомат жагын ойлобо,
Коштой жүр досуң, кордобо
Убакты желге учурбай
Улактын сөзүн пормоло
Анча-мынча атаңдан
Айтылды окшойт жол-жобо
Сардалдуу ырчы болуп өт
Саналат кыргыз ордоно – деп, 73 жаштагы Осмонкул Тууганбайга ак батасын берет.

Тууганбай филармонияда иштей баштагандын алгачкы жылдарында Р.Шүкүрбековдун, Ж.Садыковдун, Б.Сарногоевдин куйкумдуу ырларын, өзүнүн “Учурашуу” аттуу ж.б. термелерин калк алдына ырдап чыгат. “Көч жүрө жүрө түзүлөт” дегендей Тууганбай акындар Абдрашит Бердибаев, Орозбек Кутманалиев, Токтосун Тыныбеков, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев ж.б. менен алым сабакташа айтыша баштайт. Тукемдин айтыштары өнөктөштөрүнөн сөздөрүнүн туздуулугу, куйкумдуулугу, чымчыкөйлүгү, ойлуулугу, ташка тамга баскандай так, таамайлыгы салыштырууларынын көркөмдүүлүгү менен айырмаланат.

Жарым кылымча Тууганбай менен бирге иштешип, артисттик турмуштун ачуу-таттуусун татышкан, улуу болсо да жан курбу болуп жүргөн залкар төкмө акын Ашыраалы Айталиев бир жолку жолугушууда Тукем менен алгачкы жолу кандайча жолугушканы, айтышканы жөнүндө мындай деген эле:

- 1959-60-жылдары мен Нарын драма театрынан Жалал-Абат драма театрына которулуп келдим. Барсам Казы, Алтымыш, Тууганбай деген үч акыны бар экен. Мени менен төртөөбүздү жетекчилердин бири Жалал-Абат курортуна алып барды. Алардын салты боюнча казан астырып, ашын жасатып тамак ичип, үчөөбүз ырдап отурдук. Тууганбайдын келбети дагы, үнү дагы, отурушу, жүрүм-туруму жагынан Алтымыштан, Казыдан экөөнөн өзгөчөлөнүп бийигирээк турду. Мен ойлодум ыры да жакшы, өзү да жакшы бала экен. Баягы кыргыздар айткандай тирүүдөн түңүлбө дегендей баардыгы келишкен бала экен, - деп баалап, эртеси театрдын директоруна келсем, ал: - Үч акынды алып жүрөбүз, кимиси кандай экен – деп сураганда. Мен үчөөнүн ичинен Тууганбай Абдиев келечекте чоң ырчы болот. Анын үнү дагы, тили дагы, өңү дагы келишип турат - дедим. Анын Тууганбай экөөбүз командировкага кеттик. Мен андан мурун театрда, филармонияда иштеп төкмө акындык жолду билем. Октябрь районунда чоң колхоз бар экен. Ошонун уй сарайында айтышып атабыз. Аябай согушуп жатабыз. Мен Тууганбайга айттым, жаттаганды ырдабай, эркин, көргөңдү көркөмдөй айтып айтышабыз. Бул жерде текшерүүдөн өткөрүүчү филармониянын жетекчилери жок деп. Экөөбүз ырдап атабыз. Ал мени сарайдагы букаларга, уйларга салыштырып, мен аны кунаажынга теңеп ырдап атам. Элдин баарысы боорлору эзилгиче күлүшүп кыраан катгыга батышты. Мени Тууганбай букага салтыштырып ырдап атат. Ошондо Тууганбай буканы мен көрдүм, баланча жерде кунаажындын артынан жыттап турганын дегенде эле мен эми сөз жок деп жыгылганы турам. Ичимден ошол сөздү айтып ийбегей эле деп кыпылдап турам. Кудай жалгап ал сөздү айткан жок.

Караван районунда Мавляновдордун улуу агасы Темиркул башкарма болуп иштеген колхозго оюн коюп бардык. Бизге төөнүн этинен бешбармак беришти. Бир жылдан кийин Кызыл-Жарда колхозчулардын слету болуп калды. Ага бардык. Баягы Мавлянов баштаган жетекчилер келишти. Ошондо Тууганбай экөөбүз айтышып калдык. Экөөбүз тепе-тең ырдадык. Мен оо былтыркы жылы биз барып, элиңдин ачтык кабагын. Аткарып бердик айт деген ыр сабагын. Ошондо төөнүн этин берипсиз. Төрөй турган убакыт өтүп кетти Темике, мына төрөбөй жатат аялым, - деп ырдасам. Тууганбай: Кыргыздын айтып талабын, кыдыгын сөздүн салмагын, Ашыкеңдин кичине улгайып калган го аялы. Он эки айга жатып калса, оңбой калды го аялы төрөбөй – деди. Ошентип, бирибиздин сөзүбүздү бирибиз илип, Токтогул менен Эшмамбет айтышкандай экөөнү туурап ырдоочубуз. Далай жерде Тууганбай менен бирге ырдадык. Ойнодук, күлдүк. Баардыгы эсте калды.

XS
SM
MD
LG