Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Кытайда ууланган сүттүн айынан эки адам өлүм жазасына кесилди


Андай сүттү ичкен алты бөбөк набыт болду, 300 миңдей бөбөк ооруканага жаткырылды. Сүттү жасаган ишкананын жетекчилери менен кызматкерлеринен экөөсү түндүк Кытайдагы соттун өкүмү менен өлүм жазасына кесилишти. Дагы үч киши өмүр бою түрмөдө отурмай болушту. Бул адамдар сүткө пластик өндүрүшүндө колдонулуучу «меламин» уулуу затын кошкон деп айтылышты. Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Янг Юу бүгүн Бээжиндеги маалымат жыйынында «Кытай өкмөтү тамак-аш азыктарынын тазалыгына өзгөчө көңүл бөлө турганын», Санлу ишканасындагы бул жаңжалга өкмөт өтө олуттуу мамиле менен киришип, мыйзамдын чегинде чечим чыгарганын» айтты.

XS
SM
MD
LG