Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Кытайдан ууланган азыктар дале келип жатабы?


Былтыр Кытайда эмчектеги балдарга берилчү кошумча азыктардан меламин чыккан соң чоң жаңжал пайда болуп, соттук териштирүүлөр башталган. Эми ал иш боюнча сот эки адамды өлүм жазасына кести.

Анда меламин кошулган азыктардан жүздөгөн ымыркайлар ууланып, бир канчасы кайтыш болгон эле. Буга байланыштуу Кыргызстанда да тынчсыздануулар пайда болуп, Кытайдан келген азык-түлүктөрдү катуу көзөмөлдөө керектиги айтылып, мамлекеттик деңгээлде маселе көтөрүлгөн. Азыркы тапта бул жааттагы иштер кандай аткарылууда?

Кытайдагы меламин жаңжалынан кийин көптөгөн өлкөлөр кайрадан чочулап, бул өлкөдөн келген азык-түлүктөрдү абдан кылдат текшерип, ымыркайларга берилчү азыктарын сатып албай турган болушкан. Анда ымыркайларга берилчү кошумча азыктардын курамындагы меламинден 300 миңдей ымыркай ууланып, алтоосу кайтыш болгон эле.

Импорттук товарлардын дээрлик басымдүү бөлүгү Кытайдан келген Кыргызстанда бул окуядан кийин тынчсыздануулар пайда болуп, алдын-ала чара көрүү аракеттери башталган. Жогорку Кеңеште ымыркайлардын ден-соолугун коргоо каралган атайын мыйзам долбоору да кабыл алынган. Анда ымыркайларга берилчү кошумча азыктарды чыгарган ишканалардын товарлары кылдат көзөмөлдөнүшү керектиги сыяктуу маселелер такталган.

Ошентсе да адистердин айтымында, Кыргызстанда азык-түлүктөргө кошулган меламин сыяктуу уулуу заттарды аныктоочу лабораториялардын жок болгону, бизде Кытайдагыдай уулануунун чыгып кетпөөсүнө эч ким кепил боло албасын билдирип турат.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Динара Молдошеванын айтымында, бул жааттагы иштердин кандайча аткарылып атканы көзөмөлдөнүүдө жана жакында өкмөттүк комиссия курамында уулу заттар табылган ундардын чуусу тууралуу иликтөөсүн жарыяламакчы. Ошондой эле ал бүгүнкү күнү тиешелүү мекемелер азык-түлүктөрдүн курамын текшерүүчү лабораторияларды куруу аракетин кылып жатканын айтты:

- Быйыл Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөбүздөгү санитардык эпидемиологиялык станцияларда, өзгөчө бажы постторундагы, чек арадагы станцияларга сөзсүз түрдө лабораторияларды орнотууну иштерин уюштуруп жатканын айтышууда. Ал иштер Орусия менен Кыргызстандын ортосунда гранттык долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен аткарылганы жаткан экен. Ошол лабораторияларда жанагыдай уулу заттарды, химиялык заттарды аныктаса болот. Ошол эле меламинди да тапса болорун айтышты.

Дал ошол меламин сыяктуу уулуу заттарды аныктоочу лабораториялардын жоктугунан улам былтыр күзүндө өкмөт Кытайдан 116 тонна ун сатып алып, кийин аны текшере келгенде курамынан уулуу меламин жана кабык курттар чыкканы айтылган. Бул боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын иликтөөсү жакында белгилүү болору айтылууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Елена Баялинованын айтымында, өлкөгө Кытайдан келген азыктарда меламиндин табылып жатышына аталган министрликтин кыйыр гана тиешеси бар. Анткени өлкөдө меламинди аныктай турган лаборатория жок:

- Бул жаңжалга министрликтин кыйыр гана тиешеси бар. Анткени бизде лабораториялар жок. Меламинди кошулмалардан, азыктардан таап чыкканга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ошондуктан тиешебиз аз, анткени биз текшерген эмеспиз, жыйынтыгыбызды айткан эмеспиз.

Ошондой эле анын айтымында, министрлик ымыркайлардын саламаттыгын коргоо багытында иштерди алып барып, аларга кандай кошулмаларды берүү керектиги тууралуу да түшүндүрүү иштерин алып барууда.
XS
SM
MD
LG