Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Экс-акыйкатчы Т.Бакир уулу милиция кызматкерлеринин чагымынан чочулоодо


Бүгүн “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровго укук коргоо органдарын тартипке чакыруу өтүнүчү менен кайрылуу жолдойт. Анын айтымында, 22-январда үйдө чоң кишилердин жоктугунан пайдаланып милициянын үч кызматкери күч менен кирүүгө аракет кылган. Өмүрлүк жолдошу келип калып алардын эмне максат менен келишкенин сураганда, милициялар “бул дарек боюнча ким жашарын текшергени келгенбиз”, деп жооп берген. Тартип коргоо органдарынын чагым салуусунан чочулап, үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна кепил болуп берүүсүн өтүнүп Адахан Мадумаровго кайрыла турганын Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” билдирди. Экс-акыйкатчы бүгүн аны Башкы прокуратура чакыртканын, анын себеби белгисиз экендигин кошумчалады. Милиция кызматкерлери 20-январда Өмүрбек Текебаевдин үйүнө дагы барышып, бул дарек боюнча ким жашаарын текшерип келишкенин, курал-жарактар кайда экенин сурашкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG