Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

“Белгисиз багыт” Ника сыйлыгына талапкер


Кинорежиссер Темир Бирназаров тарткан “Белгисиз багыт” аттуу көркөм тасмасы Орусиянын “Ника” киносыйлыгынын “КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” номинациясына он эки фильмдин ичинен тандалып алынды. Бул тууралуу режиссер-коюуучу Темир Бирназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, апрель айында өтүүчү бул киносынакта “Белгисиз багыт” Казакстандык режиссер Ардак Амиркулов тарткан “Кош бол, Гүлсары”, Рүстөм Абдырашевдин “Сталинге белек”, Украиналык киночулар жараткан “Бейиш куштары” кинотасмалары менен ат салышат. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG