Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

И.Өмүркулов: “Өкмөт “Кайрылман” программасын нукка сала алган жок”


Депутат “Кайрылман” программасына ылайык өкмөттүн чакырыгы менен Кыргызстанда кайтып келген теги кыргыздарга өкмөт чыныгы камкордук көрө алган жок деп, ага Токмок шаарында турган Жумабекова Зарбүбүнүн үй-бүлөсүнүн тагдырын мисалга тартты. Тажикстандан мындан 10 жыл мурун келген бул үй-бүлө айына 400 сомдук жөлөк пулга жашап, жери же турак-жайы жок жүрүп, ден соолуктарын жоготушкан. Ал эми депутат Алмазбек Каримов кыргыздардын санын көбөйтүүгө өкмөт аракет кылган жок деп сынга алып бул жаатта иш алып барган Тышкы иштер министрлигинин ишин канааттандырарлык эмес деп баалады. Анын айтымында, Өзбекстанда паспортунда кыргыз деп жазылган 370 миң адам бар жана улуту өзбек деп жазылган кыргыздардын саны көп. Бирок алар эмнеге муктаж экендигине өкмөт кызыгып, эч кандай колдоо көрсөткөн жери жок.(BD)

XS
SM
MD
LG