Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

И.Исаковдун күйөө баласын кармап кетишти


Бүгүн Башкы прокуратуранын кызматкерлери мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковдун күйөө баласы Канат Айтеновду кармап кетишти. Исмаил Исаковдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, ал азыр Башкы прокуратурада кармалып турат жага ага туугандары адвокатсыз эч бир суроого жооп бербе деген кеңеш беришти. Исаков муну өзүнө карата жасалып жаткан саясий куугунтуктун уландысы жана муну менен бийлик кылмыш жолу менен коркутуп-үркүтүүгө өтүп алгандыгын айгинелеп жатат деп билдирди. Канат Айтенов буга чейин аскер комиссариатында иштеген жана кайын атасы кызматтан кеткенден кийин ишине бошотулган.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG