Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Баткенде кыргыз чегарачыларына кол салган 4 тажик жараны кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Төрт-Гүл чек ара бөлүгүнүн башчысы Саитжан Эратов билдирди. Маалыматка караганда, бүгүн түштөн кийин Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Кара деген аймакта 6 тажик жараны жер өздөштүрүүгө аракеттенген. Алар кыргыз чегарачыларынын чегараны бузгандыгы тууралуу эскертүүлөрүнө баш ийген эмес. Андан ары эки ортодо кырдаал курчуп, тажик жарандары чегарачыларга кол салууга чейин барышкан. Натыйжада андан 2 чегарачы жабыркап, кол салган 4 тажик жараны кармалган. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. (JsA)

XS
SM
MD
LG