Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

23-январда президент өкмөттө, өзүнүн администрациясында жана элчиликтерде кадрдык өзгөрүүлөрдү жасады. Оппозиция өкүлдөрү системалык өзгөрүүлөр болмоюнча бийликтин иши алдыга жылбасын билдирүүдө.

Быйылкы жыл ичиндеги кадрдык өзгөрүүлөрдүн биринчи толкуну 8-январда президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловдун кызматынан кетип, анын ордуна Данияр Үсөновдун келиши менен башталган эле. Администрациядагы өзгөрүүлөр вице-премьер-министр Элмира Ибраимованын өз эрки менен кызматтан кетип, анын ордуна Өктөмкан Абдуллаева келиши, каржы министринин жаңыланышы, тышкы иштер министринин кызматынан алынышы, ички иштер министрлигинин орун басарларынын жаңыланышы менен уланган.

23-январда кадрдык өзгөрүүлөрдүн экинчи толкуну болуп, анын көч башында биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев болду. Андан сырткары өкмөттүн аппарат башчысы Мурат Исмаилов, айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоев, билим берүү министри Ишенгүл Болжурова кызматынан кетти.

Президенттик администрациядан администрация башчысынын орун басары Досалы Эсеналиев, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Ислан Рыскулов, уюштуруу жана мамлекеттик саясат бөлүмүнүн башчысы Каныбек Жороев, Чүй губернатору Кубанычбек Сыйданов, Ош мэри Жумадыл Исаков жана Ленин, Сузак, Сокулук райондордун акимдери, Пакистан, Кытайдагы элчилер, Стамбулдагы башкы консул кызматынан алынды.

Бул кызматтык бошотуулардын дээрлик 80 пайызы башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жасалганы президент жардыгында белгилеленди. Демек алардын айрымдары жаңы орундарга узабай дайындалып калышы толук ыктымал.

Расмий бийлик өкүлдөрү кадрдык өзгөрүүлөрдүн максаты тууралуу түшүндүрмө бере элек. Президенттин маалымат кызматынын милдеттери колуна өткөн Оксана Малеваная жетектеген катчылык болсо тынымсыз жыйын үстүндө болууда.

Оппозиция өкүлдөрү болсо бийликтеги кадрдык өзгөрүүлөргө мындай пикирлерин билдирүүдө. "Бириккен элдик кыймылдын" саясий кеңешинин мүчөсү Исмаил Исаков:

-Бул олуттуу учурда жогорку жетекчилер өз милдеттерин так аткарбай, анын ордуна жаңы кадрларды коюп,ошону менен ишин оңдоймун деген акыркы аракеттеринин бири. Бирок кимди койбосун, жогорку жетекчилер өздөрү оңолмоюн эч кандай натыйжа болбойт.

Исмаил Исаков ошондой эле өлкө үй-бүлөлүк башкаруудан кетип, системалык өзгөрүүлөргө барганда гана алдыга жылуу болоорун кошумчалады.

“Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов кадрдык алмашууларга карата мындай пикирин ортого салды:

-Азыркы экономикадагы, саясаттагы баш-аламандык кадрдык саясатка да өттү. Көп кадрдык алмашуулар элди алдап-соолап, мына кыйынчылыктар менен минтип күрөшүп жатабыз деген көрсөтмө болуп жатат. Бирок менин оюмча, бүгүнкү күндө кандай кадрдык өзгөрүүлөр болбосун саясий-экономикалык абал өзгөрүлбөйт.

Социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов кадрдык өзгөрүүлөрдү өкмөттүн кризис шартындагы начар иши менен байланыштырды. Ал эми оппозициянын бийлик менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого, оппозиция ал үчүн даяр экендигин, анткени бийлик системасы жана башка маселелер боюнча өз көз караштарын сунуштаганын, эми маселе бийлик тарапта калганын кошумчалады.

“Ак жол” фракциясынын лидерлеринин бири Зайнидин Курманов президенттин кадрдык кадамдарын мындайча баалады:

-Келечекке койгон максатыбызды ойлосок өзгөрүүлөргө жол беришибиз керек. Анан кадрлар жок деп эле эски кадрларга таянып кала берүү да болбойт. Эски кадрлар өз миссиясын аткарды,

Депутат Зайнидин Курманов ошол эле учурда эски кадрлардын мүмкүнчүлүгүн да пайдалануу керектигин белгиледи.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG