Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

“Кадрдык алмашуу оппозицияны чыңдашы ыктымал”


Аткаминерлер иштеген ордуна эми көнүп келатканда аларды башка жакка которуу, же ордуна бөлөк адамдарды дайындоо – бийликке каршы адамдардын көбөйүшүнө алып келет. Бул өз кезегинде бийликтин кесипкөйсүздүгү менен кошо ишинин натыйжалуу эместигин далилдейт. Мындай пикирин жаш саясат таануучу Мирсулжан Намазалиев “Азаттыкка” билдирди. Эгерде кызматтарынан кол жууган адамдарды кайра ишке орнотпосо оппозициялык топтор күчтөнөт, катары калыңдайт, дейт жаш саясатчы. М. Намазалиевдин баамында, кадрлар алмашуусунун эки стратегиясы болуш мүмкүн. Биринчиси, бийлик өзүнө пайдалуу максаттарын ишке ашыруу үчүн коомдун көңүлүн башка жакка буруп, алагды кылуу. Экинчисине ылайык, президенттин айланасындагы атаандаш топтордун бирине-бири үстөмдүк кылуусунан улам кадрлар алмашышы ыктымал. (EBM)

XS
SM
MD
LG