Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

Өзбекстанда соттолгон жалалабаттык тургун бошонуп келди


Тышкы иштер министрлигинин облустагы өкүлү Замирбек Садировдун билдиргенине караганда, Хабибулла Абдрахманов Өзбекстандагы түрмөдөн бошонуп чыкты. Облустун Ноокен районундагы Достук айылынын бул тургуну коңшу мамлекеттин абагында алты ай жаткан. Аны Өзбекстандын жараны болгон аялы менен бирге былтыр Наманган облусунун тартип сакчылары кармап кетишкен. Ал чегараны мыйзамсыз кесип өткөн жана бийлик өкүлүнө каршылык көрсөткөн деген айып менен ошол жакта соттолгон болчу. Жергиликтүү коомчулуктун пикиринде, бул жубайлар июнь айында Достук айылына мыйзамсыз кирип келген өзбек чегарачыларынын курал-жарагын алып, чегарачылар кармап кетмек болгон айылдашын куткарып алгандардын катарында болушкан. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG