Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Рублди «чөктүрбөө» далалаты


Орус акчасы - рубль евро жана долларга салыштырмалуу дагы арзандады. Россиянын борбордук банкы рублды негизги эл аралык валюта - АКШ долларына алмаштыруунун жогорку чегин орнотту.

Ага ылайык 1 доллар ашып барса, 36 рублга алмаштырылат. Бул рубль үчүн былтыр ноябрдан берки эң чоң девальвация. Рублдын куну качуусу, адистердин түшүндүрүшүнчө, дүйнөлүк базарда мунайдын арзандашына жана өлкө экономикасы кезиккен катаал жагдайдын туундусу болууда.

Бейшемби күнү Россиянын борбордук банкы рублды пландуу арзандатууну, же девальвациялоону токтотту. Натыйжада, былтыр ноябрдан бери орус акчасы 20 жолу арзандатылып, 10 процентке арзандады. Эми улуттук банк орноткон жаңы чек боюнча, 1 доллар 36 рублдан кымбат болбоого тийиш. Борбордук банктын билдиришинче, бейшемби күнкү жарыяланган алмашуу курсу алдыдагы айларда колдонулат.

Бул деген - рубль көрсөтүлгөн чектен жогору кетип, дагы арзандачу болсо, Борбордук банк корундагы чет элдик валюталарга рублды сатып алып, аны таяп жөлөйт.

Талдоочулар рублдын наркы качуусун Россиянын экономикасынын мунай-газ жана башка иштетилбеген чийки заттарды экспорттоого таянып алганы, ошондой эле тышкы капиталдын өлкөдөн жапырт качуусу менен байланыштырышат. Былтыр өлкөдөн 130 миллиард доллар чыгарылып кеткен.

«Азаттыктын» экономикалык серепчиси Сергей Сенинский жагдайды мындай чечмелейт:

- Ооба да, жок да. Бир жагынан, мунай экспорту Россиянын негизги киреше булагы. Демек, баалар төмөндөгөндө, акча базарына өз таасирин тийгизет. Экинчи жактан, былтыр августта Грузияда болгон согуштан бери чет элдик инвесторлор капиталын Россиядан тез чыгарып кете баштады. Россиянын борбордук банкынын акчаны аста-секин арзандатуусу - рубль менен сөзсүз болчу ылдам девальвацияны секиндетүү.

Эгерде рублдын калкыма девальвация болуусу токтотулбаса, Россиянын Борбордук банкы рублды жөлөө үчүн алтын-валюта корун дагы жумшоого аргасыз болмок. Бул ишке өткөн бир апта ичинде алтын акча казынасынан 30 миллиард доллар чыгымдалган. Же финансылык жөлөп-таяоого күнүнө 600 миллион доллар сарпталып жатты. Анын кесепетинен, Россиянын алтын валюта кору 2007-жылдын майынын деңгээлине түшүп кетти жана азыр 400 миллиард долларга барабар болот.

Россиянын финансы министри Алексей Кудрин былтыр октябрда эле эгер бир баррель мунайдын баасы 70 доллардан ылдый кетсе, бюджетти жабуу оор болорун эскерткен. Азыр бир баррель мунайдын баасы 40 доллардан бир аз үйдө. Непада мунай дагы арзандасы, орус рублды сактоо үчүн Москва кандай чарага барары азырынча табышмак.

XS
SM
MD
LG