Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:14

И.Исаковдун күйөө баласы сурак бергенден кийин бошотулду


Мындай маалыматты “Азаттыкка” Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Исмаил Исаков билдирди. Анын айтымында, кечээ Башкы прокуратуранын кызматкерлери кармап кеткен күйөө баласы Канат Айтенов Башкы прокуратурада сурак бергенден кийин кечинде бошотулду. Суракка анын жактоочусу Нина Зотова катышты. Исаковдун айтымында, прокуратура кызматкерлери аны Исаковдун уулу Русланга Коргоо министрлигине тиешелүү квартира мыйзамсыз берилген деп ачылган кылмыш иши боюнча суракка алышты. Анткени Исаковдун уулу 2007-жылы ал квартираны министрликке кайра өткөрүп берүү укугун күйөө баласы Айтеновго тил кат жазып берип тапшырган. Прокуратура кызматкерлери мына ошол аракеттин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн суракка алган. Бирок мунун баары менин саясий көз карашымдан улам жасалып жатат деп белгиледи И.Исаков.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG