Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

Б.Наргозуев: “Агым” мага көп нерсе берди


“Ак жол” фракциясынан депутат Бегаалы Наргозуев “Агым” гезитинин мурунку ээси катары аталган басылмага маек курган. Анда депутат “Агым" ага көп нерсе бергенин, өзгөчө бизнестен саясатка жумшак өтүүдө чоң жардамы тийгизгенин айткан. Б.Наргозуев гезитти кимге саткандыгы тууралуу ачык маалымат берген эмес. Гезиттин жаңы ээси тууралуу “ал Кыргызстанга белгилүү медиа менеджерлердин бири” деп чектелген. “Агымдын” акыркы сандарында чыккан белгилүү оппозиционер Ө.Текебаев тууралуу чулгандуу сүрөт материалдар тууралуу “азыр оппозиция деле бийликти аяган жок, жерден алып көргө, көрдөн алып жерге урууда, кандай гана сөздөрдү айтышкан жок. Демек алар өздөрү да ошондой соккуларга даяр болуулары керек.” – деп кеңеш берген. Депутататтын айтымында, алдыда саясый күрөш мындан ары да курчуйт, бул чекеси гана. Ошон үчүн мындай чабуулдарга мындан ары да моралдык-психологиялык жактан даяр болуу керек. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG