Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:19

М.Казакбаев: “Бакиевдин алдында эки багыт турат”


Саясат талдоочунун баамында, анын бири бошогон кызмат орундарына эски кадрларды дайындоо. Анда президенттин саясаты өзгөрбөйт. Экинчи багыт-жаңы кадрларды дайындоо. Президент аларды министрликтердин же башка тармактардын ортоңку баскычында иштеген тажрыйбалуу адамдардын арасынан тандайт. Ошону менен жакын арада экономикалык, административдик саясатында жаңы багытын жарыя кылып, 2010-жылдагы президенттик шайлоого жаңы саясат менен барат. Ал коомдо жана эл аралык коомчулукта президент өнүгүүнүн жаңы реформаларын баштады деген маанайды пайда кылат-дейт М.Казакбаев. Ал эми бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева президент саясатын өзгөртпөйт, бул жөн гана кадр алмаштыруу деген пикирде.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG