Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Ноокаттык 32 “тополоңчунун” соту боюнча БУУга билдирүү даярдалууда



Мындай маалымат Ош шаарындагы адам укугу боюнча Эдвокаси борборунан алынды. Мекеме өкүлүнүн ырасташынча, билдирүүдө эки соттун өкүмү тең акыйкатсыздыгы жана катаалдыгы, айыпталуучулардын жактоочуларынын бир дагы өтүнүчү канаттандырылбагандыгы, мыйзамдуулукту сактоону суранып прокурорго жазган даттануулардын баардыгы жоопсуз калгандыгы туурасында кеңири айтылат. Мына ошентип "Ноокат тополоңуна" катышкандардын тууган-уруктары Бириккен Улуттар Уюмунун таaсири аркасында иш Жогорку Сотто калыс каралаарына үмүттөнүшүүдө. Ош облус прокурору Жолдошбек Сулайманов соттордун өкүмүн кубаттап, Ноокаттагы тополоң бийлик үчүн да, дин тутунгандар үчүн да олуттуу сабак болгондугун баса белгиледи. (ATo)

XS
SM
MD
LG