Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Өтүп бараткан жумада катар-катары менен көп атка минерлер кызматынан кетти. "Манас" аба майданындагы аскердик базасын чыгаруу жөнүндө айың кептер төгүндөлдү.

Кадрдык ыңкылап болдубу?

Жума күнү өкмөттө, президенттик администрацияда, элчиликтерде жана жергиликтүү бийликте ири кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.




Кызматтан алынгандардын көч башында биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев болду.




Өкмөттүн аппарат башчысы Мурат Исмаилов,









айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоев,









билим берүү министри Ишенгүл Болжурова кызматынан кетти.







Президенттик администрациядан администрация башчысынын орун басары Досалы Эсеналиев, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Ислан Рыскулов, уюштуруу жана мамлекеттик саясат бөлүмүнүн башчысы Каныбек Жороев, Чүй губернатору Кубанычбек Сыйданов, Ош мэри Жумадыл Исаков жана Ленин, Сузак, Сокулук райондордун акимдери, Пакистандагы элчи Нурлан Айтмурзаев, Кытайдагы элчи Кадырбек Сарбаев, Стамбулдагы башкы консул Руслан Казакбаев кызматынан алынды.

Бул кадрдык өзгөрүүлөрдүн максаты тууралуу ар кыл пикирлер айтылууда. “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Зайнидин Курманов кадрдык алмашууларды нормалдуу жараян катары баалады:

-Келечекке койгон максатыбызды ойлосок өзгөрүүлөргө жол беришибиз керек. Анан кадрлар жок деп эле эски кадрларга таянып кала берүү да болбойт. Эски кадрлар өз миссиясын аткарды.

Кээ бир саясат таануучулар кадрдык өзгөрүүлөрдү келе жаткан президенттик шайлоого даярдык катары бааласа , айрымдар дүйнөлүк кризистин шартында өкмөттүн чабалдыгына жараша кабыл алынган чечим катары кабылдоодо. Ал эми үчүнчү тарап бийликтин кезектеги кадрдык оюну деп жатат.

Чындыгында, кадрдык өзгөрүүлөрдүн себебин мына ушул үч багытка бирдей байланыштырса болот. Маселен, расмий бийлик өкүлдөрү акыркы мезгилде президенттик шайлоо тууралуу көбүрөөк сөз козгой башташты. Бирок шайлоо мөөнөтүнөн мурун болобу, же социал-демократиялык партия талап кылгандай быйыл күзүндө болобу, же азыркы Конституциянын талаптарына ылайык келерки жылы болобу? Бул маселе ачык бойдон турат. Бийликтин жогорку даражалуу өкүлдөрү болсо расмий эмес шартта президенттик шайлоо тууралуу көп сүйлөй башташты.

Эми бийликтин кадрдык дайындоолору алдыга коюлган маселелерге жараша болобу? Бошогон орундарга кимдер келиши күтүлүүдө?

Албетте, Ак үй биринчи вице-премьер-министрликке “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевди алып келүүгө өтө кызыкдар.
Бирок Сариевдин келиши өтө күмөндүү. Анткени анын "Бириккен Элдик Кыймылга" кирген өнөктөштөрүнүн алдында алган милдеттенмеси бар.


Ошондуктан бийлик Сариевге кайсы бир деңгээде тең келе турган Өмүрбек Бабановду бул кызматка алып келгени турат. Бабановдун болсо эч кимдин алдында милдентемеси жок. Анын үстүнө анын социал-демократиялык партиядан чыкканы тууралуу маалыматтар айтылууда.


Социал-демократиялык партиянын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев Бабанов тууралуу мындай пикирин билдирди:

-Өмүрбек Бабановдун биздин партиядан чыккан, чыкпаганын билбейт экенмин. Экинчиден, ал биринчи вице-премьер-министрликке барат деген маалымат менде жок. Кадрдык өзгөрүүлөр жөнүндө мен минтип ойлоймун, өлкө катуу экономикалык, социалдык, саясий жактан татаал убакта турат.Ошол убактагы бийликтин кантип болбосун өз абалын оңдоп, сактап калууга аракети деп ойлоймун.




Ал эми Искендербек Айдаралиев айыл, суу чарба жана кайра иштетүү тармагын жетектөөгө, Кытайдагы элчи Кадырбек Сарбаев тышкы иштер министрлигине жөнөтүлмөкчү. Ошондой эле Абдыганы Эркебаевдин билим берүү жана илим министрине кудаланып жатканы жөнүндө маалыматтар чыгууда.

Оппозиция өкүлдөрү бийликтин кадрдык кадамдары кырдаалды өзгөртпөйт деген пикирде. Маселен "Бириккен Элдик Кыймылдын" саясий кеңешинин мүчөсү Исмаил Исаков:

-Бул олуттуу учурда жогорку жетекчилер өз милдеттерин так аткарбай, анын ордуна жаңы кадрларды коюп,ошону менен ишин оңдоймун деген акыркы аракеттеринин бири. Бирок кимди койбосун, жогорку жетекчилер өздөрү оңолмоюн эч кандай натыйжа болбойт.

Ушундай эле маанидеги пикирин “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкулов да ачыктады:

-Азыркы экономикадагы, саясаттагы баш-аламандык кадрдык саясатка да өттү. Көп кадрдык алмашуулар элди алдап-соолап, мына кыйынчылыктар менен минтип күрөшүп жатабыз деген көрсөтмө болуп жатат. Бирок менин оюмча, бүгүнкү күндө кандай кадрдык өзгөрүүлөр болбосун саясий-экономикалык абал өзгөрүлбөйт.

Январдагы кадрдык өзгөрүүлөргө карата саясат таануучу Марс Сариев мындай жыйынтыктоочуу баасын берди:

-Бакиев жаш кадрларды алып келет. Новатордук ыкма менен алып келгенде баары таңданып калат. Акаевдин убагынан бери жаш кадрларды алып келүү айтылып келген.Бирок аткарылган эмес. Бакиев батыштан билим алган, дүйнөлүк жараяндарды түшүнгөн кадрларды билген кадрларды алып келгенде, оппозиция дагы эмне кылаарын билбей өзүн жоготуп калат. Бул аябай, күтүлбөгөн жүрүш. Президенттикке даярдык башталды. Ал эми президенттин ою болсо, жаш кадрлар менен, экономикалык алдыга жылуу менен шайлоону утуп алыш болуп жатат.

Базага кимдин көзү түз эмес?

Бийликте мына ушундай массалык кадрдык өзгөрүүлөрдүн алдында, дүйшөмбү күнү Кыргызстанда АКШнын башкы командачылыгынын башчысы генерал Дэвид Петреус сапар менен келип кетти. Анын сапарынын алдында Кыргызстан Манаста жайгашкан АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерлерин чыгарат деген маалымат тарап, бирок бийлик аны жокко чыгарууга кыпындай аракет кылган жок. Тескерисинче, маалымат каражаттары өкмөт үйүндөгү “ишенимдүү булактарына” таянып, база чыгарылат деген маселени кайра-кайра көтөрүштү.

Базага карата кыргыз бийлигинин башында турган президентте жылуу мамиле жоктугун 2008-жылдын соңунда Курманбек Бакиев орус маалымат каражатына берген маегинде кыйытса, аны 19-январда Бишкекке келген Дэвид Петреусту кабыл албай коюу менен ого бетер бекемдеди окшойт.

Кыргыз бийлигинин куйкасын Өмүрбек Текебаев баш болгон оппозициялык лидерлердин АКШ сапары, ал жердеги кабыл алуулар да куруштуруп турганы да белгилүү.

Дэвид Петреусту Бишкекте өкмөт башчы Игорь Чудинов кабыл алды. Жолугушууда базаны чыгаруу боюнча сөз болбогонун, АКШ Кыргызстанга жардам берүүнү кеңейтүүнү караштырып жатканын Петреус билдирди.

Бирок ошол эле мезгилде американын өкүлү маалымат каражаттарында базаны чыгаруу боюнча маалыматтарды сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн Борбор Азиялык ыкмасы катары баалады.

Базаны чыгаруу боюнча маселеге карата айтылган “Ак жол” фракциясынын лидерлеринин бири Ажибай Калмаматовдун пикири түшүнбөстүктү ого бетер күчөттү. Калмаматов орус маалымат каражаттарына берген маегинде базаны чыгаруу маселеси президент Курманбек Бакиевдин февраль айынын башына белгиленген Москвага сапары учурунда парламент карарын билдирген. Ал эми фракциянын лидерлеринин бири Табылды Орозалиев базага байланыштуу маселе фракцияда талкууланбасын билдирди:

-Фракцияда бул маселе каралган эмес. Бул биринчиден. Экинчиден, Конституция боюнча тышкы эл аралык саясат президенттин ыйгарым-укугу болуп эсептелет.Ошондуктан бул жөнүндө фракцияда карайбыз, Жогорку Кеңеште карайбыз деген сөз жок бул жакта.

Дүйнөлүк аренада АКШ менен Россиянын Борбор Азия аймагын көзөмөлгө алуу боюнча таймашы жүрүп жатканы белгилүү. Бул өңүттөн алганда Россиянын Кыргызстанга 2 миллиард доллар насыя берүүнүн алдында америкалык базаны чыгаруу боюнча Бишкекке койгон талабынын жүйөөсү түшүнүктүү болуп турат.

Обама фактору

Америка Кошмо Штаттарынын башкы комнадачылыгынын башчысы Дэвид Петреус Кыргызстанга келип кеткен күндүн эртеси, 20-январда АКШда Барак Обама президенттик кызматка расмий түрдө киришти. Мына ошол кыска мөөнөттүн ичинде Обама Гуантанамо абагын жабуу, бойдон алдыруу маселеси боюнча жарлыктарын чыгарып, шайлоо алдындагы убадаларын аткарууга киришти.

Албетте, Борбор Азияда, анын ичинде Барак Обаманын келиши боюнча АКШнын регионго, анын ичинде Кыргызстанга карата саясаты кандай болот деген суроолор жок эмес.

Расмий кыргыз бийлигинин Обаманын кызматка киришүүсүнө карата реакциясы ачыктала элек. Бирок коомчулук өкүлдөрү Обама менен илгери үмүттөрдү байлап жатканы белгилүү.

Маселен, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева Барак Обама Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүнө таасирин тийгизет деген пикирде:

-Мен ишенем, Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшүнө Обаманын администрациясы көп көңүл бурат. Ошондой эле азыркы каржылык кризистин убагында социалдык турмуш начарласа да, демократия өчпөй турушуна шарт түзөт деп үмүттөнөм.

Барак Обама террого каршы күрөштө Ооганстанга өзгөчө көңүл бурууну жактап жатканы маалым. Ошондуктан Кыргызстанда антитеррордук коалициянын базасын калтырууга АКШнын жаңы бийлиги аракеттенет дейт Токтогул Какчакеев:

- Обама эч качан Кыргызстандан аба базасын алып кеткиси келбейт. Ал бизден эч нерсе аябай, Кыргызстан жетекчилеринин оюна келген талап-суроолорун аткарат, бул маселе –ачык. Ошондуктан, Обама Орто Азияга биротоло келүүгө жана Кыргызстан Американын үлгүсүнө өтүүсүнө аракет жасайт.















  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG