Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Ө. Текебаевге кылмыш ишин козгоо – бийликтин эч нерсе таппай калгандагы айласы


Мындай пикирин “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдрасулова билдирди. “Бул бүгүнкү бийликтин жүзү, эч нерсе таппай калганда ушинтип ар кандай шылтоолорду издешет”, - дейт укук коргоочу. Азиза Абдрасулова ошондой эле оппозиция өкүлдөрүнө четинен минтип кылмыш иштери козголуп жатышын бийлик оппоненттери менен иштөөнүн, күрөшүүнүн башкача жолун көрбөй жатышынан, же көргүлөрү келбей жатышынан көрүп, муну саясий куугунтук катары баалайт. Анын пикиринде, бийликтин азыркы саясаты эң начар, артка кеткен, диктатурага толук малынган саясат болуп калды.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексиндеги 242-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ал алып жүргөн куралдын окчонтою дүкөндө сатылгандан башкача жасалган деп айыптоодо. Өмүрбек Текебаев 17-январда Кара-Буурада жыйын өткөрүп жатканда автоунаасынан уруксааты бар бир газ тапанчасы жана мергенчиликке колдонулуучу эки мылтык табылган. Саясатчы бул куралдарга мыйзамдуу уруксаты бар экенин айтып келет. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG