Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

Башкы прокуратура Аликбек Жекшенкуловго дагы кылмыш ишин козгоду


“Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкуловдун бүгүн “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ага Тышкы иштер министрлигин жетектеп турганда министрликтин имаратын оңдоп-түзөө учурунда Кытайдан келген каалгаларды алмаштырып, мамлекетке зыян келтирген деген айып тагылууда. Тактап айтканда, Кылмыш кодексиндеги 305-берененин 2-бөлүгү боюнча иш козголуп, саясатчыга сыртка чыкпоо эскертилди. Аликбек Жекшенкулов мындай кылмыш ишин козгоо негизисиз экенин, чынында министр кезинде Кытайдан келген эшиктер сапатсыз болгондуктан мыкты каалгалар менен алмаштырылганын, Кытайдын каалгалары да эч жакка жоготулбаганын айтып, бул иштин козголушу түшүнүксүз болуп жатканын билдирди.

Башкы прокуратура мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго карата былтыр декабрда да кылмыш ишин козгоп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген кине таккан эле. Ага Эсеп палатасынын тышкы иштер министрлиги Кытай өкмөтү грант түрүндө берген 73 миллион сомду мурда эсептелген документсиз пайдаланып, имаратын оңдоп-түзөткөн деген жыйынтыгы негиз берген. Бирок кытай тарап бул акчаны өздөрү сарптаганын маалымдаган соң бул иш токтоп калганы буга чейин айтылган.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG