Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Акыйкатчы бийлик менен оппозиция ортосунда сүйлөшүү жүргүзүү аракетин көрүүдө


Акыйкатчы Турсунбек Акун өлкө башчысы мындай сүйлөшүүгө макул болгонун бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өткөн жумада президенттин кабыл алуусунда болгон учурда анын мындай сунушу колдоо таап, өлкө башчысы бул ишти уюштурууну мамлекеттик катчы Досбол Нур уулуна тапшырган. Андан соң мамлекеттик катчы бийлик тарабын, акыйкатчы оппозиция тарабын уюштуруу боюнча келишишкен. Турсунбек Акун бул сүйлөшүүнүн форматы, кандай болоору азырынча белгисиз экенин айтып, эмки жумадан тарта оппозиция өкүлдөрү менен бул маселенин үстүндө сүйлөшө баштаарын, оппозициянын бийликке ишеними кеткен азыркыдай шартта мындай ишти жүргүзүү өтө татаалдыгын билдирди. Акыйкатчы ошол эле учурда оппозициянын айрым өкүлдөрү бул демилгени колдобошу ыктымалдыгын белгилеп, бирок көпчүлүгү анын зарылдыгын түшүнөт деген ойдо.(SM)

XS
SM
MD
LG