Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Өмүрбек Текебаевге да кылмыш иши козголду


“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Ө.Текебаевге Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Оппозиция өкүлдөрүнө минтип кылмыш иштерин козгоо коомчулукта саясий куугунтук катары бааланууда.

Ишембиде «Ата Мекен» партиясынын төрагасы, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевди Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы чакыртып, Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнөн келишкен үч кызматкер ага карата козголгон кылмыш иши боюнча токтомду угузушкан.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата Кылмыш-Жаза кодексиндеги 242-берененин 1-бөлүгү боюнча, куралды мыйзамсыз жасоо жана оңдоо деген айып тагылганын билдирди:

Таласта Текебаевдин автоунаасынан алынган куралдар


- Мен муну мыйзамсыз козголгон кылмыш иш деп эсептейм. Ал эми биздин Кылмыш-Жаза кодекси боюнча тергөөчү мыйзамсыз козголгон кылмыш иши боюнча Кылмыш кодексинин алдында жооп берип, жоопко тартылышы керек деп эсептейм. Анткени менин булар айтып жаткан куралдарды, анын ичинде «Сайга» карабинин да алып жүрүүгө толук укугум бар. Муну укук коргоо органдарынын кызматкерлери мойнуна алат. Ок-дары мйзамсыз, стандарттарга туура келбейт деди эле, экспертиза ок-дарыны дагы стандартка туура келерин далилдеди. 30 ок баткан ок чонтой атайын колдо мыйзамсыз жасалган деп чыгышты эле, ал дагы дүкөндөн сатып алынганы, «Сайга» карабинине тиешелүү экендиги далилденди.

Текебаев белгилегендей, бийлик мындай ыкмалар менен оппозициянын 30-январда Москвада өтүүчү Карнеги борборунда кыргыз оппозициясынын саясий-экономикалык концепциясын тааныштыруу иш чарасына жана бир катар ири саясатчылар менен болуучу жолугушууларга жолтоо кылуу максатында уюштурууда. Ал ошондой эле бийлик №8-колонияда бычакталып өлтүрүлгөн Исмаил Кочкаревдун тагдырындай кылып, абакка камап жок кылуу сыяктуу ыплас ыкманы колдонууга өттү деген пикирин кошумчалады.

Коомчулукта оппозиция өкүлдөрүнө карата мындай кылмыш иштеринин козголушу өйдө жактан болгон тапшырма, саясий куугунтук катары бааланууда.

Бирок Акыйкатчы Турсунбек Акун президент, же премьер-министр оппозицияга каршы кылмыш ишин козго деп көрсөтмө бериши мүмкүн эместигин, укук коргоо органдарынын жетекчилери кошомат кылышып, мыйзамсыз аракеттерге өздөрү барышууда, деген көз карашта.


- Бул укук коргоо органдары тарабынан атайын куугунтук. Анткени ал оппозициянын лидери, анын азыркы бийлик менен жаман экендигин билишет. Алар бийликке жагынып, кошомат кылуунун аркасы менен кылмыш ишин козгоп жатышат. Бул аракеттер албетте мыйзамсыз. Текебаевдин куралдарынын документтери бар. Ошон үчүн бул жакшылыкка алып барбайт. Мен укук коргоо органдарынын мындай аракеттерине толугу менен каршымын.

Бейшембиде Башкы прокуратура Аликбек Жекшенкуловго да Кылмыш Жаза кодексинин 305-беренесинин 2-бөлүгү боюнча (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган) кылмыш ишин козгогон.


-Мага мурдагы ээлеген кызматынын чегинен чыгып койду деген айып коюшту. Шаардан чыкпоо тууралуу тил кат алышты. Мен ойлойм, укук коргоо органдарынын мындай мамилеси мыйзамсыз. Бул бийликке жакшылык алып келбейт. Өлкөдөгү болуп жаткан кырдаал боюнча ачыгын айткандарды куугунтуктоонун ордуна бийлик кризистен чыгуунун жолдорун издеп, элдин үмүтүн актаса болмок.

“Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдрасулова бийлик оппозицияга куугунтугун күчөтүп, укук коргоочулардын артынан аңдуу жүргүзүп жатканын белгилеп, азыркы бийлик мындан башка жол таппай калышканын айтат:


-Өмүрбек Текебаевге, Аликбек Жекшенкуловго, айрыкча Исмаил Исаковго карата куугунтуктар, кылмыш ишинин козголушу, Ишенбай Кадырбековго карата соттук иштер бүгүнкү бийликтин оппоненттери менен иштөөнүн башкача жолдорун көрбөй жатышынан кабар берет. Ошондуктан бүгүнкү бийлик куугунтугун күчөттү. Бул бийликке жакшылык алып келбейт.

Мына ушундай пикирин билдирген Азиза Абдрасулова эртең менен анын үйүнүн жанында камуфляж кийишкен адамдар байкоо салып жүрүшкөнүн айтты.

Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын билүү максатында Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Эмил Жаманкуловго кайрылганыбызда коллегияда жүргөнүн айтып, комментарий берүүдөн баш тартты. Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Абай Кожокулов Текебаевдин иши боюнча түздөн-түз Кара-Буура районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси жооп берээрин айтып, сурообузду жоопсуз калтырды.


Маалыматтарга караганда, оппозициячыл саясатчылар Аликбек Жекшенкуловдун өзүнө жана баласына, Исмил Исаковго, Эмил Каптагаевге, Эркин Бөлөкбаевге, Равшан Жээнбековго дагы кылмыш иши козголгон. «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариевге «Кызыл-Туу» айыл өкмөтүндө эл менен өткөргөн жолугушуулары мыйзамга каршы келет деп прокуратура эскертүү берген. Айрым маалыматтарга караганда, Баткен облусунда милициянын ыкчам иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаровдун уулун издеп, ага кылмыш ишин козгоосу мүмкүн деген божомол бардыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG