Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42

Набукко долбоору келерки аптада Венгрияда талкууланат


Набукко газ кууру долбоорун талкуулоо үчүн келерки шейшембиде Будапеште Еробиримдик менен Борбор Азиянын расмий өкүлдөрү чогулат. Наркы 13 миллиард долларга бааланган долбоор Борбор Азиянын газын Европага Орусиянын аймагын айланып алып келүүнү карайт. Венгер тараптын билдиргенине караганда, Орусия-Украина ортосундагы талаштын айынан жакында Европанын газсыз калуусу көңүлдү кайрадан Набуккого бурдурууда. Европанын Орусия газына көз карандылыгын азайтууну көздөгөн бул долбоор акыркы жылдары ар кандай деңгээлдеги жыйындарда талкууланып келгени менен ишке ашыруу жаатындагы жылыштар байкалган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG