Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:04

Кошмо Штаттар Орусиянын аскерий эмес жүктү Ооганстанга ташууда жардам көргөзүү жөнүндөгү сунушун кубаттады. Ал эми Орусиянын НАТОдогу элчисинин айтымында, Москва менен альянстын алакасы жакшырууда.

Сыртынан караганда, азыр АКШ менен Орусиянын алакасы оңоло баштагандай көрүнөт. Орусия АКШга жана анын өнөктөштөрүнө Ооганстанды көздөй аскерий эмес жүктү ташууда жардам көргөзүүгө жана ал жүктү өз аймагы аркылуу өткөрүүгө даяр экенин орус президенти Дмитрий Медведев ушул жума күнү Ташкентте болгон учурунда айтты.

Орус президенти ошондой эле Орусия Ооганстанда наркосоодага жана террорчулукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык аракеттерди колдоого даяр экенин кошумчалады. Жаңы президент Барак Обаманын администрациясынын Ооганстанды турукташтыруу аракети мурдагы президент Жорж Буштун өкмөтүнүкүнө караганда ийгиликтүүрөөк болоруна ишеним билдирди.

Президенттин соңунан Орусиянын НАТОдогу элчиси Дмитрий Рогозин ишемби күнү "Эхо Москвы" радиосундагы маегинде Москва менен аскерий альянстын ортосундагы "муз эрий баштаганын" белгиледи.

Ал эми АКШ Орусиянын Ооганстан боюнча жардам көргөзүү жөнүндөгү сунушун дароо эле кубаттады.

Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Роберт Вуддун айтымында, жаңы администрация Оруссия менен Ооганстан боюнча иштешүүгө дилгир.

АКШ жана НАТО азыр Ооганстандагы аскерлерин керектүү жарак -жабдык, күйүүчү май башка жүктөр менен камсыздоо үчүн альтернативалуу жолдорду издеп жаткан кези.

НАТОнун Ооганстанга багытталган жүгүнүн 75 пайызы, ал жердеги аскерлер керектеген күйүүчү майдын 40 пайызы Пакистандын уруулар байырлаган Хайбер чөлкөмү аркылуу ташылат.

Бирок акыркы айларда согушкерлердин Пешевардагы жүк терминалына, Хайбер аркылуу өткөн жүк кербендерине жасаган ургалдуу кол салуулары бул стратегиялык жактан маанилүү жолдун кайра-кайра жабылуусуна алып барып, жүк ташууну кыйындатты.

АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы Ооганстан менен Ирактагы аскерий операцияларга жетекчилик кылган генерал Девид Петреустун өткөн аптада Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарынын негизги максаты да жаңы транзиттик жолду издөө болду.

Анткен менен Орусиянын АКШга жана НАТОго Ооганстан боюнча жардамы белгилүү бир шарт менен гана көргөзүлүшү мүмкүн.

Орус президенти Дмитрий Медведевдин сөзү менен айтканда, "кызматташтык бирдей жана толук кандуу" болуусу керек.

Ал эми Орусиянын НАТОдогу элчиси Дмитрий Рогозиндин айтымында Москва альянска Орусия-НАТО кеңешинин иши калыбына келген шартта гана көмөктөшө алат. Орусия-НАТО кеңешинин иши былтыр августа орун алган согуштан кийин токтотулган эле.

Ричард Бёрд - АКШнын Германиядагы мурдагы элчиси. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде белгилегендей, Обаманын администрациясы Орусияга карата азыр көргөзө алуучу эң мыкты ишара - Вашингтондун Москвага олуттуулук менен мамиле кылуусу:

- Буштун администрациясы учурундагы саясаттын контекстинен караганда, Орусия азыр сурап жаткан нерсе - аларга олуттуу мамиле жасалуусу. Алар Американын чечим кабыл алуусундагы, глобалдык чечим кабыл алуудагы фактор болгусу келет. Менимче, кандайдыр бир деңгээлде, АКШнын мүмкүнчүлүгү Орусия аларга олуттуу мамиле жасалып жатканына ишенгидей жолдорду табууда турат.

Айтор тараптардын жакындашуусу алдыдагы аптада уланчыдай болуп турат. НАТОго мүчө 26 өлкөнүн жана Орусиянын элчиси дүйшөмбү күнү НАТО-Орусия кеңешинин жыйынына чогулганы турат. Мындай форматтагы жыйын Орусия-Грузия согушунан соң токтотулгандан бери биринчи ирээт өтүп жатат. Орусиянын НАТОдогу элчиси Дмитрий Рогозин бул кеңешмени иштин "кайра жандануусу катары" мүнөздөдү.

Бул аралыкта келерки аптада Евробиримдиктин учурдагы төрагасы - Чехиянын борбору Прагада биримдик менен Ооганстандын министрлер деңгээлиндеги жыйыны өткөнү жатат. Ага Евробиримдиктен Чехиянын тышкы иштер министри Карел Шварценберг, тышкы байланыштар боюнча комиссар Бенита Ферреро-Вальднер, Ооганстандан тышкы иштер министри Рангин Дадфар Спанта баштаган өкүлдөр катышмакчы.

Кеңешмеде Ооганстандагы кырдаал, анын коңшулар жана Евробиримдик менен алакасы жана өлкөнүн өнүгүү боюнча улуттук стратегиясын ишке ашыруу маселелери талкууланат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG