Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Бүгүн Брюсселде Орусия-НАТО кеңешинин бейрасмий жолугушуусу өтөт


Орусия-НАТО кеңешинин иши былтыр августа орун алган согуштан кийин токтотулган эле. 24-январда Орусиянын НАТОдогу элчиси Дмитрий Рогозин Москва менен аскерий альянстын ортосундагы "муз эрий баштаганын" белгилеген. Орусия АКШга жана анын өнөктөштөрүнө Ооганстанды көздөй аскерий эмес жүктү ташууда жардам көргөзүүгө жана ал жүктү өз аймагы аркылуу өткөрүүгө даяр экенин орус президенти Дмитрий Медведев жума күнү Ташкентте болгон учурунда айткан.

XS
SM
MD
LG