Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

Бир катар атка минерлер дайындалды


Бүгүн президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Чүй облусунун губернаторлугуна Болоткан Кумаров дайындалды. Ал буга чейин Сокулук районунун акими болуп иштеп келген. Ал эми Сокулук районунун акимдигине Болот Мамышев, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Мелисбек Мырзакматов дайындалды. Президенттин ушул эле күнкү буйругуна ылайык Бишкек шаарынын Ленин районунун администрация башчылыгына Айбек Осмоналиев, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун администрация башчылыгына Тажимамат Шаболотов дайындалды. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG