Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

А.Атамбаев: Ө.Бабанов өкмөткө баруу тууралуу КСДП менен кеңешкен эмес


Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген СДПнын лидери Алмаз Атамбаевдин айтымында, Ө.Бабанов СДПдагы мүчөлүгүн токтотот, анткени партиянын азыркы бийлик менен кызматташууга оюу жок. “Эгерде Ө.Бабановго реалдуу рычагдарды берсе кандай жумуш болсо дагы алып кетмек. Бирок Бабановдун кызматка дайындалышы бийлик өзүнүн аброюн көтөрүп, биз жаштарга кызмат берип жатабыз дегенди түшүндүрөт. Чындыгында чечим кабыл ала турган, чече турган адамдар мурункулар эле калат. Ошондуктан мындан эч нерсе өзгөрбөйт”,-деди Атамбаев. Ал ошондой эле бийлик элдин нааразылыгын сезип кадрдык өзгөрүүлөр менен алаксытып жатканын, үй-бүлөлүк башкарууну түп тамыры менен жок кылмайынча өлкөдө оңолуу болбостугун кошумчалады. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG